Медициналык сүлүк

Википедия дан
Медициналык сүлүк.

Медициналык сүлүк (лат. Hirudo medicinalis)- байыртан эле кан сордуруу жана анын уюшун токтотуу үчүн колдонулган.

Медицинада колдонуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сүлүктүн шилекей безинин секретинде кандын уюшун жайлантуучу касиети бар гирудин болот. Медициналык сүлүктүн денеси кара, күрөң, жашыл сымал жана башка түстө, орточо узундугу 12 см. Сүлүк кайнатылбаган таза суу куюлган, оозу даки менен бек жабылган айнек идиште сакталат. Сууну суткасына бир жолу алмаштырып туруу керек. Медициналык сүлүк дарыгердин көрсөтмөсү менен кан тамырлардын кээ бир ооруларына жана кан тез уюганда пайдаланылат. Медициналык сүлүктү атайын үйрөнгөн медициналык кызматкер коёт. Ар бир медициналык сүлүк 1⁄2 — 1 саатта 10—15 мл кан соруп, денеден өзү ажырап түшөт. Эгер өзү түшпөсө, спиртке нымдалган кебезди башына тийгизүү керек. Кан соргон жердин жарасы стерилденген бинт менен таңылат. Жарадан 6—24 саатка чейин, кээде андан да көпкө кан чыгат. Таңуу врачтын же медсестранын уруксаты менен чечилет. Медициналык сүлүк менен өзүн өзү дарылоого болбойт. Бир жолу колдонулган сүлүктү кайра коюуга жарабайт.

Таксономия[түзөтүү | булагын түзөтүү]

XIX кылымдагы китептеги медициналык сүлүктүн түзүлүшү.

Hirudo medicinalis түрү омурткасыз жаныбарлардын Hirudo түрүнүн Hirudinidae түркүмүнүн пилтумшуксуз отядынын, Шакек формалуу курттар тибине кирет. Алар сырткы көрүнүшү боюнча үчкө бөлүнөт:

  • Дарылоочу(Hirudo medicinalis medicinalis): Артындагы ала тилкелери текши кошулуп жана таркайт, арасында каралжын тактар болот. Ич жагында көп каралжын дурус формадагы тактар бар.
  • Аптекалык (Hirudo medicinalis officinalis): Аркасы каралжын,саргылт-күрөң тилкелери менен, ич жагы саргыч жашыл. Адаптацияга жөндөмдүү жана колдо жакшы тукумдашат.
  • Чыгыш (Hirudo medicinalis orientalis): Ачыгыраак түсү менен айырмаланат, тилкелери жазы, ромб түрүндө чоң кара тактары бар. Ичи кара, ачык агыш жуп тактары менен. Башка түрлөрүнөн кыталуу жана чыйрак болот.

Үч түрү тең бири-бирине жакын. Медициналык сүлүктү башка сырткы турпаты менен окшошуп кеткен түрлөрү менен окшоштуруп алышкан да көп кезигет

Ал түрлөрү үй жаныбарлардын паразиттери. Көбүнчө жылуу климаттуу жерлерде кезигишет. Алар малдын ичине, кекиртегине, бронхаларына кирип кетишет.

Жайылуусу жана экология[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ареал[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бүтүндөй Европада Уралга чейин, Закавказьеде таралган. Түндүктө Скандинавия жерлерине чейин, түштүктө Азербайджан жана Алжирге чейин. Ар бир түрү өзүнүн ареалында жашайт деп эсептелинет. Мисалы, дарылоочу формасы түндүк жакта, чыгыш формасы-түштүктө, Закавказьеде, Азербайджанда, аптекалык формадагылар Россиянын Краснодар, Ставрополь өлкөлөрүндө жана Ростов облусунда.

Жашаган жери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сууда да кургакта да жашай алышат. Кээде башка көлмөгө барыш үчүн чоң аралыктарды өтүшөт. Тузсуз гана сууларда жашашат. Чопо түйлүү, камыш бадалдуу, жээгинде көп бака бар көлмө - алрдын биотобу.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8