Межлаук, Валерий Иванович

Википедия дан

Межлаук, Валерий Иванович [7(19). 2. 1893—29. 7. 1938] — советтик мамлекеттик жанa партиялык ишмер. 1917-жылдан Компартия мүчөсү.

Myraлимдин уй- бүлөсүнөн. Харьков университетинин тарых-филология (1914) жанa укук факультетин (1917) бүтүргөн. Революциялык кыймылга 1907-жылдан катышкан. 1917-жылы РСДРП (б) нин Харьков комитетинин, Советинин жанa Убактылуу революциячыл комитетинин мүчөсү.

1918—20-ж. Ка­зан губерниялык аскер комиссары, Донецк-Кривой Рог республикасында фи­нансы эл комиссары, Украина КЩб) Донбасс обкомунун жанa Донецк ас­кер штабынын. 5, 10, 14, 2-армиялардын рев-ячыл аскер советинин (РАС), Түштүк фронт РАСтын мүчөсү, Украи­на аскер эл комиссары.

1920—24-ж. Москва — Балтика, МоскваКурск жанa Түндүк темир жол комиссары, жол катнаш башкы комиссарынын орун басары, Жол катнаш эл комиссариатынын коллегия мүчөсү.

1924—31-ж. Бүткүл союздук эл чарба советинин Президиум мүчөсү, Главметаллдын начальниги, Бүткүл союздук эл чарба советинин председателинин орун басары.

1931—34-ж. СССР мамлекеттик пландоо комитетинин председателинин бириичи орун басары.

1934-жылдан СССР ЭКС-тин, СССР эмгек жана коргоо совети­нин председателинин орун басары, СССР мамлекеттик пландоо комитетинин председатели.

1937-ж. февраль-октябрда СССР оор өнөр-жай эл комиссары, кийин кайрадан СССР ЭКСинип председателинин орун басары жана СССР мамлекеттик пландоо комитетинин председатели. 15—16-съезддерде BKП (б) БКга мүчөлүкке кандидат, 17-съездде мүчө болуп шайланган, СССР БАК тын мүчөсү болгон.

Ленин орденн менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.