Мезо­зой тобу (Заманы)

Wikipedia дан

Мезо­зой тобу (Заманы), мезо­зой (мезо... ж-a гр. zoe — тиричилик) — стратиграфиялык шкаланын палеозой менен кайнозой аралыгындагы системалардын тобу жанa Жердин геологиялык тарыхындагы ага туура келген заман.

Мезо­зой тобунун узактыгы 163 млн жыл. Терминди англиялык, геолог Ж. Филлип киргизген (1841). Мезо­зой тобу триас, юра, бор системаларына бөлүнөт. Океан ойдуңдарынын көпчүлүгү (мурун пайда болгон Тынч океандан башкасыныкы), азыркы кездеги материктердин контурлары Мезо­зой тобунда негизделген. Өсүмдуктөрдөн негизинен папоротниктер, жылаңач уруктуулар, жаныбарлардан рептилий, ал эми аягында жабык уруктуулар жана омурткалуу сүт эмүүчүлөр, канаттуулар пайда болгон. Мезо­зой тобунун чөкмө тектеринде күрөң жана таш көмүр (мурунку СССРдин азиялык бөлүгү, Кытай, АКШ), нефть жана газ (Кыргызстанда Майлы-Сай, Майлы-Суу, Кочкор-Ата), чөкмө темир кендери (мурунку СССР, Фран­ция), боксит, таш туз кендери бар. Тынч океан бүктөлүү аймактарындагы интрузия тектеринде алтын (Аляс­ка, Калифорния, Жог. Яна), кумүш, жез, коргошун, цинк, калай рудалары пайда болгон.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.