Мэйдзи Реставрациясы

Википедия дан
Мейжи Ишин‎»‎ барагынан багытталды)

Мэйдзи Реставрациясы (япончо Мэйдзини жаңыртуу, калыбына келтирүү) – 19-кылымдын 2-жарымында Япониядагы феодалдык системаны жоюп, борбордошкон буржуазиялык-помещиктик мамлекетти орноткон саясий окуялар жана социалдык-экономикалык кайра түзүүлөр; тар мааниде – 1867–68-жылдардын аягына чыкпай калган буржуазиялык революция. Мэйдзи Реставрациясына чейин Японияны иш жүзүндө Токугава тегинен чыккан диктатор – сёгун башкарып, император четте калган. Сёгун вассалдары менен өлкөдөгү жердин 1/ ин ээлеп, жердин калган бөлүгү княздарга (даймёлорго) жана алардын вассалдарына – самурайларга лен тартибинде берилген. Эдо сёгундуктун административдик борбору болгон. Княздыктардын ыдырашы менен самурайлардын көбү шаарларга кетип, майда соодагер, кызматчы, мугалим жана башкага айланган. Дыйкандар укуксуз ижарачылар гана болуп калган. Феодалдык эзүүнүн күчөшүнөн дыйкандар көтөрүлүшү чыккан. Дыйкандар жиктелип, оокаттуу дыйкандар (гоно) катмары көбөйгөн. Шаардык соода, ошондой эле өнөр жайы буржуазиясы өскөн. Кымбатчылыктан, акчанын баасынын түшүшүнөн 1830–44, 1865–68-жылы Японияда шаар кембагалдарынын көтөрүлүштөрү чыккан. Улуттук көз карандысыздык үчүн башталган кыймыл сёгундукту жоюп, император бийлигин калыбына келтирүү болгон. 1866-жылы батыш княздыктары бири-бири менен союз түзүп, сёгундукка каршы биргелешкен күрөшүн башташкан. Натыйжада сёгун жана аны колдогондор Тоба жана Фусимиге жакын жердеги (Киото району) салгылашта императордун аскерлеринен жеңилгенетикалык1868-жылы 3-январда сёгундун өкмөтүнүн кулагандыгы жана император башкарган жаңы өкмөт түзүлгөндүгү жарыяланган. Революциянын жеңиши бурж. социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзүүгө жол ачканы менен феодалдык калдыктар кыйла даражада сакталып кала берип, революциянын чала аяктаганын белгилеген. Княздыктардын жоюлушу, префектура системасынын кийрилиши (1871), мамлекеттик аппаратты реформалоо, жалпы аскерге милдеттүүлүк (1872) жана башкалар. чаралар феодалдык бытырандылыктын жоюлушун, монархиялык бурж.-помещиктик мамлекеттин орношун шарттаган. Жер салыгынын реформаланышы (1873–79) феодалдык менчиктин жоюлушуна көмөктөшүп, жерге бурж.-помещиктик менчикти орноткон, жаңы помещиктердин, оокаттуу дыйкандардын позициясын чыңдаган. Мэйдзи өкмөтү 19-кылымдын 70–80-жылдары капиталисттик мамилелердин өнүгүшүнө өбөлгө болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]