Мейкиндик торчо

Википедия дан

Мейкиндик торчо - бардык грандарынын бир бирине тийишип, мейкиндикти бош орунсуз толук толтурган бирдей параллелепипеддердин чокусунда жайгашкан үч өлчөмдүү мезгилдүү чекиттердин (түйүндөрдүн) системасы. Түйүндөрдү жанa параллелепипеддерди мейкиндикте бир бирине жарыш жылдыруудан алар мезгил-мезгили менен (бирдей аралыкта) кайталанат. Мейкиндик торчо — кристалл торчонун эң жөнөкөй геометриялык схемасы. Мейкиндик торчонун 14 тиби бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.