Мексика песосу
| Мексика песосу (кырг.) | ||
|---|---|---|
|
Mexican peso (аңгл.) | ||
| ||
| Коддор жана белгилер | ||
| ISO 4217 коддору | MXN (484) | |
| Символдор | $ | |
| Туунду жана параллелдүү бирдиктер | ||
| Бөлчөктүү | Сентаво (1⁄100) | |
| Параллелдүү | Мексикалык инверсия бирдиги (MXV) | |
| Жүгүртүүдөгү банкноттор жана монеталар | ||
| Монеталар | 5, 10, 20, 50 сентаво 1, 2, 5, 10, 20 песо | |
| Банкноттор | 20, 50, 100, 200, 500, 1000 песо | |
| Тарыхы | ||
| Киргизилди | 1-январь 1993-жыл | |
| Хроника | 1992-жылга чейин мексика песосу (MXP), 1993-жылдан тартып жаңы мексика песосу (MXN) | |
| Банкноттор жана монеталар өңдүрүшү | ||
| Эмиссиялык борбор | Мексика банкы | |
| www.banxico.org.mx | ||
| Банкнота өңдүрүүчү | Мексика банкы | |
| Акча сарайы | Мексиканын зээрканасы | |
| www.gob.mx/cmm | ||
| Курстар 10 Апрель 2015-жылга көрсөтүлгөн | ||
| 1 KGS | = 0,2369 MXN | |
| 1 USD | = 15,18 MXN | |
| 1 EUR | = 16,05 MXN | |
| 1 GBP | = 22,21 MXN | |
| 1 JPY | = 0,126 MXN | |
| Курстар ЭВФ, ЕББ жана КРУБ маалыматтары боюнча автоматтык түрдө жаңыртылып турат. | ||
| 2023-жылдык инфляция | ||
| Инфляция | 4.45% (сентябрь)[1] | |
Мексика песосу (исп. Peso mexicano) — Мексиканын расмий акча бирдиги. Бир мексика песосу 100 сентавого барабар.
Аталышы алгач pesos oro («алтын салмактар») же pesos plata («күмүш салмактар») деген мааниде колдонулган. Испан тилиндеги peso сөзү «салмак» дегенди билдирет. «Песо» аталышын валюта катары колдонгон башка өлкөлөргө Аргентина, Чили, Колумбия, Куба, Доминикана Республикасы, Филиппин жана Уругвай кирет[2].
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]


XVI–XIX кылымдарда Испан Америкасында колдонулган акча тутуму төмөнкүлөрдөн турган: күмүш реалдар (салмагы 3,433 г, тазалыгы 67⁄72 = 93,1%) жана алтын эскудолор (салмагы 3,383 г, тазалыгы 11⁄12 = 91,7%). XIX кылымга карата күмүш реалдын салмагы 3,383 г болуп, тазалыгы 65⁄72 = 90,3%га түшкөн, ал эми алтын эскудонун тазалыгы 21 каратка же 21⁄24 = 87,5%га азайтылган. 15 же 16 күмүш реал бир алтын эскудого барабар болгон, ал эми 24,44 г таза күмүштөн турган сегиз реал монеталары Испан Америкасында кеңири «песо», Британияда жана анын америкалык колонияларында «доллар» деп аталган. Бул песо же долларлар азыркы Мексиканын менен Боливиянын күмүш кендерине бай аймактарында чегилик чыгарылыр, Европага жана Азияга ири көлөмдө экспорттолгон. Бул монеталар XX кылымдын башына чейин дүйнөлүк күмүштүн резервдик стандарттык валютасы катары коллонулган. Алгачкы үлгүдөгү мексикалык күмүш песолор АКШда 1857-жылга чейин, Кытайда болсо 1935-жылга чейин мыйзамдуу төлөм каражаты катары колдонулган.
Песо чыгара баштаган биринчи мексикалык зээркана 1535-жылы негизделген[3].
АКШ доллары 1793-жылдан тартып 100 центке бөлүнсө, Мексика көз карандысыздыкка жеткенден кийин 1863-жылга чейин 8 реалдык песону сактап калган. Экинчи Мексика империясынын учурунда император Максимилиан песону 100 сентавого бөлүү реформасын баштаган. Калыбына келтирилген Мексика республикасы Бенито Хуарес жана Порфирио Диастын тушунда негизги металлдан же күмүштөн сентаво монеталарын, ошондой эле песо номиналындагы алтын монеталарын чегүүнү уланткан. Бирок Чыгыш Азия соодагерлери жаңы үлгүдөгү песолорду кабыл албай же арзандатып алышкандыктан, 1873–1897-жылдары күмүш 1 песо кайрадан эски сегиз реалдык үлгүсүнө кайтарылган.
Көз карандысыздыктан кийинки күмүш песо 90,3% тазалыктагы 27,07 г күмүштөн (таза күмүш 24,44 г) турган, ал эми алтын песо же жарым эскудо 87,5% тазалыктагы 1,6915 г алтынды (таза алтын 1,48 г) курамына камтыган. Европанын көпчүлүк өлкөлөрү 1870-жылдары алтын стандартка өткөндөн кийин, алтын песонун наркы күмүш песого салыштырмалуу олуттуу өскөн жана 1900-жылга карата 1 алтын песо = 2 күмүш песо болуп калган. 1905-жылы песонун курамы 0,75 г таза алтынды камтышы керек деген эреже орнотулган.
1918-жылдан тартып бардык күмүш монеталардын салмагы жана тазалыгы акырындык менен төмөндөп, 1979-жылы акыркы күмүш 100 песо монеталары чегилген. АКШ доллары 1905–1929-жылдары 2,00 күмүш песого тете болуп, андан кийин өсүп, 1954–1976-жылдары 12,50 песо наркына чейин жеткен.
XX кылымдын узакка созулган мензгилинде мексикалык песо Латын Америкасындагы эң туруктуу валюталардын бири болгон.
1976-жылы АКШ долларынын наркы 12,50 песодон 19,40 песого чейин жеткен. 1970-жылдардын аягындагы мунай кризисинен кийин Мексика 1982-жылы тышкы карызын төлөй албай калган, бул капиталдын массалык чыгып кетишине жана бир нече жылдык инфляция менен девальвацияга алып келген. Ошол жылы доллар кайрадан 23 песодон 150 песого чейин өскөн[4], натыйжада АКШ доллары менен алынган насыялары жана мексикалык песо менен түзүлгөн келишимдери бар компаниялардын каржылык абалы начарлаган. Бул жумушсуздукка, калган кызматкерлерге түшкөн жумуш жүгүнүн көбөйүшүнө жана калктын жашоо шарттарынын оорлошушуна алып келген. Өкмөттүн ички рынокко багытталган индустриялаштыруу стратегиясы олуттуу экономикалык иштерди жана чоң көлөмдөгү капитал агымдарын талап кылган. Жыйынтыгында кескин стабилдештирүү жана жөнгө салуу процесси жүрүп, 1983-жылы рецессияга алып келген, песонун наркы 1990-жылдардын башында гана АКШ долларына карата 3 000 песодон жогору курс менен турукташкан. Бул мезгилде президент Карлос Салинастын тушунда «Туруктуулук жана экономикалык өсүш пакты» (Pacto de estabilidad y crecimiento económico, PECE) аттуу мамлекеттик стратегия кабыл алынган.
1993-жылдын 1-январында Мексиканын Борбордук банкы жаңы валютаны — nuevo peso («жаңы песо», MXN) киргизген жана валюта «N$» белгиси менен белгиленген. Бир жаңы песонун курсу 1 жаңы песо 1000 эски песого барабар деп кабыл алынган[5].
Банкноттор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Биринчи сериядагы банкноттор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]AA серия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| American Bank Note Company тарабынан басылып чыккан AA сериясындагы банкноттор (1936)[6] | |||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Сүрөт | Номинал | Өлчөмү (мм) | Сүрөттөөмөсү | Датасы | |||
| Алдыңкы бети | Арткы бети | Алдыңкы бети | Арткы бети | Чыгарылган | Алынган[7] | ||
| MXP $1 | 157 × 67 мм | Ацтек күн ташы | Көз карандысыздыктын периштеси | 1936 | 1970 | ||
| MXP $5 | 157 × 67 мм | Алжирлик кызыдын, эл арасында "цыган" деген ат менен белгилүү болгон портрети | Көз карандысыздыктын периштеси | 1937 | 1971 | ||
| MXP $10 | 157 × 67 мм | Оахакадан келген Запотек аялдарынын "ла Техуана" деп аталган кийимин кийген жаш аялдын портрети | Карл Небел тарткан Гуанахуато шаарынын пейзажы | 1937 | 1969 | ||
| MXP $20 | 157 × 67 мм | Хосефа Ортис де Домингес | Керетародагы Сан-Агустин монастырынын монастырь | 1937 | 1973 | ||
| MXP $50 | 157 × 67 мм | Игнасио Хосе де Альенде-и-Унсага | Көз карандысыздыктын периштеси | 1941 | 1973 | ||
| MXP $100 | 157 × 67 мм | Мигель Идальго-и-Костилья | Мексиканын герби | 1945 | 1975 | ||
| MXP $500 | 157 × 67 мм | Морелос Хосе Мария | Мехико шаарындагы Шахта сарайынын фасады | 1936 | 1979 | ||
| MXP $1,000 | 157 × 67 мм | Куаутемок | Чичен-Ицадагы сепи | 1936 | 1978 | ||
| MXP $10,000 | 157 × 67 мм | Матиас Ромеро | Улуттук сарайдын жана Зокалонун фасады | 1943 | 1982 | ||
| Мексика банкы тарабынан басылып чыккан АА сериясындагы банкноттор (1969)[8] | ||||
|---|---|---|---|---|
| Номинал | Өлчөмү (мм) | Сүрөттөөмөсү | Датасы | |
| Алдыңкы бети | Арткы бети | Чыгарылган | ||
| MXP $5 | 157 × 67 мм | Хосефа Ортис де Домингес, Мексиканын герби | 19-июль 1971 | |
| MXP $10 | 157 × 67 мм | Мигель Идальго-и-Костилья, Долорес коңгуроосу | 15-декабрь 1969 | |
| MXP $20 | 157 × 66 мм | Морелос Хосе Мария, Ыйык Николай епископунун колледжи | 28-май 1973 | |
| MXP $50 | 157 × 67 мм | Бенито Хуарес, Улуттук сарай | Митладагы Запотек урнасы жана храмы. | 15-ноябрь 1973 |
| MXP $100 | 157 × 67 мм | Венустиано Карранса, Хосе Клементе Орозконун Ла тринчера фрагменти | Чак-Моол | 19-ноябрь 1975 |
| MXP $500 | 157 × 67 мм | Франциско И. Мадеро | Ацтек күн ташы | 19-ноябрь 1979 |
| MXP $1,000 | 157 × 67 мм | Сор Хуана Инес де ла Круз | Санто-Доминго аянты, Мехико шаары | 11-декабрь 1978 |
A серия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Номинал | Өлчөмү (мм) | Сүрөттөөмөсү | Чыгарылган датасы | |
|---|---|---|---|---|
| Алдыңкы бети | Арткы бети | |||
| MXP $2,000 | 157 × 67 мм | Хусто Сиерра, UNAM Борбордук китепканасы | 28-ноябрь 1983 | |
| MXP $5,000 | 12-сентябрь 1980 | |||
| MXP $10,000 | 18-март 1982 | |||
| MXP $20,000 | 13-ноябрь 1985 | |||
| MXP $50,000 | 2-декабрь 1986 | |||
| MXP $100,000 | 2-сентябрь 1991 | |||
Экинчи сериядагы банкноттор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]B серия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Номинал | Өлчөмү
(мм) |
Сүрөттөөмөсү | Чыгарылган датасы[9] | ||
|---|---|---|---|---|---|
| Алдыңкы бети | Арткы бети | ||||
| MXN N$10 | 155 × 66 мм | 1-январь 1993 | |||
| MXN N$20 | |||||
| MXN N$50 | |||||
| MXN N$100 | |||||
C серия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Номинал | Өлчөмү
(мм) |
Сүрөттөөмөсү | Чыгарылган датасы | ||
|---|---|---|---|---|---|
| Алдыңкы бети | Арткы бети | ||||
| MXN N$10 | 129 × 66 мм | 3-октябрь 1994[10] | |||
| MXN N$20 | |||||
| MXN N$50 | |||||
| MXN N$100 | 155 × 66 мм | ||||
| MXN N$200 | |||||
| MXN N$500 | |||||
D серия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Номинал | Өлчөмү
(мм) |
Негизги түсү | Сүрөттөөмөсү | Даталары | |||
|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Алдыңкы бети | Арткы бети | Басылган | Чыгарылган | Алынган | |||
| MXN $10[11] | 129 × 66 мм | Аквамарин | 6-май 1994 | 1-январь 1996 | 1997 | ||
| MXN $20[11][12] | Көк | 6-май 1994
17-май 2001 |
1-январь 1996
30-сентябрь 2002 |
current | |||
| MXN $50[11][12] | Кызгылт көк | 6-май 1994
18-октябрь 2000 |
1-январь 1996
15-октябрь 2001 | ||||
| MXN $100[11][12] | 155 × 66 мм | Кызыл | 6-май 1994
18-октябрь 2000 |
1-январь 1996
15-октябрь 2001 19-декабрь 2005 | |||
| MXN $200[11][12] | Жашыл | 7-февраль 1995
18-октябрь 2000 | |||||
| MXN $500[11][12] | Күрөң | ||||||
| MXN $1,000[12] | Кызгылт көк | 26-март 2002 | 15-ноябрь 2004 | ||||
F серия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Сүрөт | Номинал | Өлчөмү
(мм) |
Негизги түсү | Сүрөттөөмөсү | Даталары | ||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Алдыңкы бети | Арткы бети | Алдыңкы бети | Арткы бети | Басылган | Чыгарылган | Алынган | |||
| $20[13] | 120 × 66 мм | Көк | 19-июнь 2006 | 20-август 2007 | current | ||||
| $50[14][15] | 127 × 66 мм | Кызгылт көк | 5-ноябрь 2004
12-июнь 2012 (F1) |
21-ноябрь 2006
6-май 2013 (F1) | |||||
| $100[16] | 134 × 66 мм | Кызыл | 9-август 2010 | ||||||
| $200[17] | 141 × 66 мм | Жашыл | 15-февраль 2008 | 8-сентябрь 2008 | |||||
| $500[18] | 148 × 66 мм | Күрөң | 30-август 2010 | ||||||
| $1,000[19] | 155 × 66 мм | Кызгылт көк | 7-апрель 2008 | ||||||
G серия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Сүрөт | Номинал | Өлчөмү
(мм) |
Негизги түсү | Сүрөттөөмөсү | Даталары | ||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Алдыңкы бети | Арткы бети | Алдыңкы бети | Арткы бети | Басылган | Чыгарылган | Алынган | |||
| $20 | 120 × 65 мм | Кызыл, жашыл | 6-январь 2021 | 24-сентябрь 2021 | current | ||||
| $50 | 125 × 65 мм | Кызгылт көк | 31-март 2021 | 28-октябрь 2021 | |||||
| $100 | 132 × 65 мм | Кызыл | 8-май 2020 | 12-ноябрь 2020[20] | |||||
| $200 | 139 × 65 мм | Жашыл | 28-ноябрь 2018[20] | 2-сентябрь 2019[20] | |||||
| $500 | 146 × 65 мм | Көк | 19-май 2017 | 27-август 2018[21] | |||||
| $1,000 | 153 × 65 мм | Боз | 10-июнь 2019 | 19-ноябрь 2020[22] | |||||
| $2,000 | 159 × 65 мм | Сары | Only if necessary | ||||||
F жана G сериясындагы эстелик банкноттор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Сүрөтs | Номинал | Өлчөмү
(мм) |
Негизги түсү | Сүрөттөөмөсү | Даталары | ||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Алдыңкы бети | Арткы бети | Алдыңкы бети | Арткы бети | Басылган | Чыгарылган | Алынган | |||
| $100[23] | 134 × 66 мм | Кызыл | Буу локомотиви | Порфирио Диастын диктатурасынан Давид Альфаро Сикейростун революциясына чейин | 23-сентябрь 2009 | current | |||
| $200[24] | 141 × 66 мм | Жашыл | Мигель Идальго-и-Костилья козголоңчулардын желегине айланган тууну көтөрүп турат | Мехико шаарында Пасео-де-ла-Реформада жайгашкан Көз карандысыздыктын периштеси | |||||
| $100[25] | 134 × 66 мм | Кызыл | Президент Венустиано Карранза жана Конгресстин төрагасы Луис Мануэль Рохас 1917-жылы Конституцияга өзгөртүү киргизгенден кийин Уюштуруучу жыйындын алдында ант берүүсү | Мексиканын Конституциясын сактоого жана аткарууга ант берген конгрессмендер. | 5-февраль 2017 | ||||
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Banxico, banco central, Banco de México Калып:Wayback*
- ↑ Banderas-mundo. Moneda: peso
- ↑ A. Piatt Andrew. The Quarterly Journal of Economics. The End of the Mexican Dollar
- ↑ Felipe Meza. The Case of Mexico
- ↑ Los Angeles Times. New Pesos Introduced in Mexico : Currency: Starting today, an old 1,000-peso bill is worth 1 new peso, but both are still valued at about 33 cents.
- ↑ Banco de México. Demonetized AA-type banknotes, issued by Banco de México and printed by the American Bank Note Company (ABNC)
- ↑ Demonetized AA-type banknotes, issued by Banco de México and printed by the American Bank Note Company (ABNC).
- ↑ Banco de México. Demonetized AA-type banknotes, issued and printed by Banco de México
- ↑ Billetes en proceso de retiro de la familia B (исп.).
- ↑ Billetes en proceso de retiro de la familia C (исп.).
- 1 2 3 4 5 6 D-type banknotes in the process of being withdrawn from circulation. Banco de México.
- 1 2 3 4 5 6 D1-type banknotes in the process of being withdrawn from circulation. Banco de México.
- ↑ 20-peso banknote (F Type).
- ↑ 50-peso banknote (F Type).
- ↑ 50-peso banknote (F1 Type).
- ↑ 100-peso banknote (F Type).
- ↑ 200-peso banknote (F Type).
- ↑ 500-peso banknote (F Type).
- ↑ 1000-peso banknote (F Type).
- 1 2 3 Desaparecerá el billete de 20 pesos (исп.) (27 August 2018).
- ↑ Billete de 500 pesos de la familia G, circulación, Banco de México (исп.).
- ↑ 1000-peso banknote G, circulation, Banco de México.
- ↑ 100-peso banknote commemorating the beginning of the Mexican Revolution.
- ↑ 200-peso banknote commemorating the beginning of Mexico's War of Independence.
- ↑ 100-peso banknote commemorating the 100th Anniversary of the Enactment of the Constitution.
