Мелани Лоран

Википедия дан

Мелани Лоран (фран. Mélanie Laurent, француз тилинде айтылышы: [melani loʁɑ̃]; 1983-жылы 21-февраль) – француз актриса, ырчы, пианист, сценарист жана режиссер. Парижде, жөөттөр үй-бүлөсүндө туулган, он алты жашында, Жерар Депардьенин жардамы менен Лоран "Көпүрө" (англ. The Bridge, 1999) аталышындагы романтикалык драмада кичинекей бир роль аткарган. Эки "Сезар", Étoiles d'or du cinéma français жана "Лүмьер" сыйлыктардын сыйээси Лоран өзүн француз киноиндустриянын мыкты актрисасы катары көрсөтө билген.

Лоран бир канча француз тасмаларда жардамчы ролдорду аткарып таанымал болгон, алардын арасында актрисага Étoiles d'Or сыйлыктын "Тасмада жаңыдан тартылып баштаган эң мыкты актриса" номинациясын алып келген 2006-жылы жарыкка чыккан "Диккенек" (англ. Dikkenek) тасмасы. Актрисаны атактуулукка алып келген "Сарсана болбоңуз, баары жолунда" (англ. Don't Worry, I'm Fine) тасма үчүн Лоран "Сезар" сыйлыктын "Үмүткөр кылган актриса" номинациясына жана Prix Romy Schneider сыйлыгына татыган. Лоран Квентин Тарантинонун "Уятсыз салпаяктар" (англ. Inglourious Basterds) тасмасында Шошанна Дрейфустун ролун аткарып, 2009-жылы Голливуд тасмасында биринчи жолу роль аткаруусу белгиленген. Бул ролу үчүн актриса киносынчылар тарабына жогору бааланып Online Film Critics Society жана Austin Film Critics Association сыйлыктардын "Эң мыкты актриса" номинацияларына татыган.

Лоран негизинен көз карандысыз тасмаларда тартылган, алардын ичинде: "Париж" (англ. Paris, 2008) жана "Душман" (англ. Enemy, 2013), ошондой эле актриса Голивудтун финансылык жактан ийгиликтүү тасмаларында да роль аткарган, алар: "Жаңыдан киришкендер" (англ. Beginners, 2011) жана "Алдамчылык иллюзиясы" (англ. Now You See Me, 2013), биринчи тасмадагы ролу үчүн актриса San Diego Film Critics Society Award сыйлыгынын "Эң мыкты жардамчы актриса" номинациясына татыган. Лоран роль аткарган башка тасмалар: "Камалоо" (англ. The Round Up, 2010), "Кокустан пайда болгон сагыныч" (фр. Et soudain, tout le monde me manque, 2011) жана "Лиссабонго бараткан түнкү поезд" (англ. Night Train to Lisbon, 2013). "Эпик" (англ. Epic, 2013) (Мэри Кэтрин) жана "Баш катырма" (англ. Inside Out, 2015) (Жийиркенүү) анимациялык тасмаларда Лоран каармандардын үнүн коштогон.

Актердук чыгармачылыгына кошумчалуу актриса француз сахналарында да орун алган. 2010-жылы актриса Николя Бедостун Promenade de santé оюнунда биринчи сахналык ролун аткарган. Лорандын биринчи режиссердук иши "Акырындап кичирейүү" (фр. De moins en moins, 2008) аталышындагы кыска метраждуу тасма болгон. Ал эми "Багып алынган" (англ. The Adopted, 2011) Лорандын алгачкы толук метраждуу көркөм тасмасы болгон. Лорандын "Дем алуу" (англ. Respire, 2014) аталышындагы экинчи көркөм тасмасы 2014-жылдын Канн кинофестивалдын "Эл аралык сынчылардын аптасы" бөлүгү учурунда көрсөтүлгөн. 2011-жылдын майында Лоран En t'attendant (кырг. Силерди күтүүдө) аталышындагы биринчи студиялык альбомун жаздырган, альбом он эки ырды камтыйт, алардын ичинен бешөө ирландиялык эл ырларынын музыканты Дэмиен Райс менен кошо жаздырылып чыгарылган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]