Мелилья
| |||
| Өлкө | |||
|---|---|---|---|
| Статусу |
Автономдуу шаар | ||
| Административдик борбор |
Мелилья | ||
| Автономиянын президенти |
Эдуардо де Кастро Гонсалес | ||
| Расмий тили | |||
| Калкы |
86 384 | ||
| Жыштыгы |
6382 адам/км² | ||
| Аянты |
13,4 км² | ||
| Деңиз денгээлинен бийиктиги • Бийик чекити • Эң төмөнкү чекити | |||
| Тууралыгы | |||
| Узундук | |||
| Убакыт аралыгы | |||
| Коду ISO 3166-2 |
ES-ML | ||
| Телефон коду |
+952 | ||
| Интернет-домени | |||
| Автоунаа номурунун коду |
ML | ||
| Расмий сайты | |||
Мелилья (исп. Melilla, ар. مليلية) — Африканын түндүк жээгинде жайгашкан Испаниянын автономиялуу шаары жана порту.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мелилья шаары Жер Ортолук деңизин батыш тарабында отурукташкан финикиялыктар тарабынан негизделген. Алар бул жерде Русадир (кээде «Руссадир» же «Русаддир» деген аталыштар да кездешет) аттуу соода факториясын курушкен. Бул тууралуу шаар четиндеги некрополдогу жазуулардан далилдер табылган. Б.з.ч. VI кылымдан тарта шаар карфагендиктердин көзөмөлүндө болуп, кийин Рим империясынын курамына кирген.
429-жылы Русадир шаары Иберия жарым аралын кесип өтүп, Түндүк Африканы басып алган вандалдар тарабынан талкаланган. Кийин Түндүк Африка менен Бетикада өз бийлигин орноткон византиялыктар тарабынан шаар калыбына келтирилген.
VII кылымдын аягында шаарды араб жана бербер мусулман аскерлери басып алып, ага бүгүнкү «Мелилья» атылышын беришкен. Бул топоним, болжол менен, бербер тилиндеги mell — «ак» деген сөздөн келип чыккан[1].
859-жылы Мелильяны викингдер талап-тоноп, өрттөп кетишкен 927-жылы Абд ар-Рахман III бул шаарды Кордова эмирлигинин курамына кошуп, эки жылдан кийин ал Кордова халифатына айланган. 1465–1497-жылдары Мелилья Ваттасиддер династиясынын бийлиги астында болгон.
1497-жылы Андалусиянын кастилиялык губернатору, Медина-Сидониянын үчүнчү герцогу Хуан Алонсо де Гусман, падышанын Мелильяны басып алууга чечкиндүүлүгү жетпей жатканын көрүп, падышанын уруксаты менен шаарды басып алуу милдетин алган. Ал эң алгач Трес-Фокас жарым аралын чалгындоо тапшырмасын өзүнүн куралчы кызматчысы Педро Эспиньяна менен артиллерист Франсиско Рамирес де Мадридге тапшырган.
Шаар 1497-жылы 17-сентябрда басып алынган. 1509-жылы Португалия менен Кастилиянын Түндүк Африкадагы аймактарынын чек арасы кайрадан такталган. Португалия Атлантика жээгинде (Сеутага чейин) аймактарда үстөмдүк кылып, Жер Ортолук деңиз жээгин Кастилияга калтырган.
1774–1775-жылдары Мелильяны курчоого алган Марокко күчтөрүнө каршы шаарды ирланд улутундагы испан генералы Хуан Шерлок коргогон. Марокконун султанына Испанияга каршы аракет кылууга англичандар туткурган. Комендант Шерлок жана чакан гарнизону бир жыл бою шаарды коргоп, бардык чабуулдардын мизин кайтарып турушкан. Акыры, Испаниядан флот келип, курчоо алынган Мелилья шаары бошотулган.
1893-жылы Мелильяга риф берберлеринин (риффтер) уруулары чабуул жасаган. Биринчи Мелилья кампаниясы башталып, көп узабай аяктаган.
1936-жылы 17-июлда Мелильяда башталган аскерий козголоң Испаниядагы Жарандык согуштун акыркы фазасынын башталышы болгон.
1982-жылдан бери Марокко Мелильяны өз аймагынын ажырагыс бөлүгү катары таанып, шаарга болгон дооматтарын билдирип келет[2]. Өз кезегинде, Испаниянын өкмөтү бул дооматтарды эч качан тааныган эмес жана Мелилья менен Сеутага байланыштуу кандай болбосун диалогду баштоо мүмкүн эмес деп эсептейт.
2007-жылдын 6-ноябрында Мелильяга Испаниянын падышасы Хуан Карлос I жана анын жубайы София келишкен. Бул аймакка Испания монархынын келиши (акыркы 80 жылдагы алгачкысы) Марокконун аймактык дооматтарына каршы билдирүү катары кабыл алынган[3].
2021-жылы Мелилья шаарындагы, Испания боюнча Франсиско Франконун сакталып калган акыркы эстелиги алынган[4].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Поспелов Е. М. Географические названия мира. Топонимический словарь / отв. ред. Р. А. Агеева. — 2-е изд., стереотип. — М.: Русские словари, Астрель, АСТ, 2002. — 512 с. — 3000 экз. — ISBN 5-17-001389-2.
- ↑ Trinidad, Jamie (2012). "An Evaluation of Morocco's Claims to Spain's Remaining Territories in Africa". International and Comparative Law Quarterly. 61 (4). Cambridge University Press: 961–975. doi:10.1017/S0020589312000371. ISSN 0020-5893. JSTOR 23279813. S2CID 232180584.
- ↑ EL PAÍS. Mohamed VI "condena" y "denuncia" la visita "lamentable" de los Reyes de España a Ceuta y Melilla
- ↑ Reuters. Last statue of dictator Franco removed in ‘historic day’ for Spain