Мелиоидоз

Википедия дан
Burkholderia pseudomallei.

Мелиоидоз, Рангун маңкасы, пневмоэнтерит, калган мар­каадам менен айбанаттардын жугуштуу ылаңы.

Мунун ылаңдаткычы морфологиялык жанa антигендик түзүлүшү боюнча жылкы маңкасыныкына өтө окшош. Мелиодиоз менен кой, эчки, ит, мышык, чочко, уй, жылкы ылаңдайт. Ылаң мал сойгондо жанa анын азык-түлүгү аркылуу адамга да жугат. Мелиодиоз малга келемиштен, чычкандардан тарайт. Ылаңдаган ит, мышык, кой-эчкинин мурдунан, көзүнөн илешкээк суюктук куюлат, бездери ириңдеп, кулгунага айланат. Мындай мал 2—3 жумада өлөт. Жылкы, буйволдун температурасы мезгили менен көтөрүлүп, мурдунан ириц агат. Ички органдары ириидейт.

Диагноз ылаңдын клиникалык белгилеринин жанa патологоанатомиялык, бактериологиялык изилдөөлөрдүн негизинде коюлат. Азырынча мелиоидиозду айыктыруучу дары жок. Мелиоидиоз ылаңына шектүү малды өзүнчө бөлүп, лабор-ялык жол менен изилдейт. Дарттуу малдын өлүгү өрттөлүп жок кылынат. Шектүү малды союуга тыюу салынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.