Менин атым Кожа (тасма)
Менин атым Кожа
| |
| Жанры | |
|---|---|
| Режиссёру |
Abdulla Karsakbayev |
| Сценарийдин автору |
Berdibek Soqpaqbaev |
| Башкы ролдордо |
Нурлан Сегизбаев |
| Оператору |
Mikhail Aranyshev |
| Композитору |
Nurghisa Tilendiev |
| Кинокомпания | |
| Узактыгы |
Маалыматтардын маңызы белгисиз. |
| Өлкө | |
| Тили | |
| Жылы | |
| IMDb | |
«Менин атым Кожа» — 1963-жылы «Казакфильм» студиясы тарабынан тартылган балдар тасмасы. Режиссёру — Абдолла Карсакбаев. Сценарий Бердибек Сокпакбаевдин «Менин атым Кожа» повестинин линиясы боюнча жазылган.
Сюжет
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тасма өткөн кылымдын 50-жылдарындагы казак айылынын турмушунан алынган. Башкы каарман Кожа акылдуу, бирок атасыз өскөн тентек бала. Тасманын жүрүшүндө ал көп нерсеге чалынат. Сүйүп калат, урушат, тентектик кылат, класстан куулат, чогулуштарда тартипке салат, мектептен куулуп кете жаздаган. Бирде билип, бирде билбестен тополоңго чыгат. Бирок, ал анчалык эссиз бала эмес. Балким ошондондуктан ал бүгүнкү күнгө чейин коомчулуктун сүйүктүү каарманы катарында.
Тасмада казак айылындагы пионерлердин, боорукер энелер менен чоң энелердин турмушун, азыркы коомдук түзүлүштү сезе аласыз.
Башка фактылар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Советтик идеология динге каршы болгону менен айрым эпизоддор цензурадан өткөн. Тасмада башкы каармандын чоң энеси «Алла» деген сөздү кайра-кайра айтып, Мухаммед пайгамбардын атын атайт. Ал башка бир диалогдо небересине «болбогон сөзүңөрдү таштап, «Бисмилла» дегиле» деп жалынып-жалбарган.
Кожанын ролун аткарган Нурлан Санжар (тасмага түшкөн кезде Нурлан Сегизбаев) — шаардык бала. Ал тасмага түшүү мектепке барбоодун жакшы шылтоосу болгонун мойнуна алат. «Биринчи класстан эле апама «окугум келбейт» деп айткам. Ал мени Ленин проспектисинен 33-мектепке чейин таяк менен кууп келчү» дейт ал.
Абдолла Карсакбаевдин келини Майра мындай деп эскерет:
Ролдордо
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Нурлан Сегизбаев — Кожа Кадыров
- Гульнар Курбаева — Жанар
- Бикен Римова — Миллат
- Марат Кокенов - Султан
- Э. Курмашев — Жантас
- Юсуф Шамузов — Даулет
- Кененбай Кожабеков — Рахманов, мугалим
- Калкен Адилшинов — Ахметов, мектеп директору
- Заги Курманбаева — Кожанын чоң энеси
- Раиса Мухамедиярова — Хадиша Майканова, Кожанын класс жетекчиси
- Макил Куланбаев — Каратай
- Байдилда Калтаев — Сайбек
- Ахат Толыбаев — Жумагул, чабан
- Атейбек Жолымбетов — эпизод
- Салменов Рахметолда — колхозчу
- К. Жунисова — эпизод
- Н. Даулеткалиева — эпизод
- Б. Өткелов — эпизод
- Т. Турсынмуратов — эпизод
- В. Адилшинов — эпизод
Эстелик
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2022-жылдын 1-июнунда Астанада "Менин атым Кожа" тасмасынын башкы каарманына арналган эстелик ачылды. Эстеликте тасмадагы башкы каармандын күзгүнүн алдында жашыруун жолугушуусу болгон эпизод чагылдырылган. Эстелик колодон, ал эми постамент граниттен жасалган. Эстеликтин бийиктиги – 183 см. Композициянын автору – скульптор Азамат Талапкан, идеясынын автору – Мурат Кожамкулов[1].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ (1 -июнь (кулжа) 2022).
Сырткы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Менин атым Кожа Imdb сайтында (англ.)
