Менчик укугу

Википедия дан

Менчик укугу – КР мыйзам актыларында таанылган жана коргоого алынган, менчик ээсинин өзүнө тийешелүү мүлккө каалагандай ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугу. М. у. жарандык укуктун негизги институттарынын бири болуп саналат жана өзүнүн мазмуну боюнча баардык буюм укуктарынан кеңири болуп эсептелет: менчик ээсине өз мүлкүнө ээлик кылуу, пайдалануу жана башкаруу укугу берилет. Менчик ээси өзүнө таандык мүлккө карата мыйзамдарга каршы келбеген жана башка жактардын укуктарын жана мыйзам тарабынан корголгон таламдарын бузбаган аргандай аракеттерди жасоого, а. и. өзүнүн мүлкүн башка жактын менчигине ээликтен ажыратып берүүгө, менчик ээси болуп туруп мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө боюнча өзүнүн укугун аларга өткөрүп берүүгө, мүлкүн күрөөгө коюуга жана аны башка ыкмалар менен убара кылууга, мүлкүн дагы башкача жол менен пайдаланууга укуктуу. КР мыйзамдары жеке, мамлекеттик, муниципалдык жана башка менчик түрлөрүн тааныйт. Мыйзамда мүлктөрдүн мамлекеттик жана муниципалдык менчикте гана болуучу түрлөрү аныкталат. Баардык менчик ээлеринин укуктары бирдей корголот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]