Сергей Меркуров

Википедия дан
Меркуров, Сергей Дмитриевич‎»‎ барагынан багытталды)

Меркуров, Сергей Дмитриевич [26. 10(7. 11). 1881, Александрополь, азыркы Армян ССРи, Ленинакан — 8. 6. 1952, Москва] — советтик монументчи скульптор.

СССР эл сүрөтчүсү (1943), СССР Советтик Армиянын анык мүчөеү (1947). 1945-жылдан КПСС мүчөсү. Мюнхен көркөм академиясында окуган (1902-05). 1909-жылга чейин Парижде иштеген. М. каармандык пафоско каныккан образдарды түзүүгө умтулуп, корком чечмелениши даана жана экспрессивдүү скульптураларды жараткан.

Чыгармалары:

  • Ф. М. Достоевскийдин (гранит, 1911—13) статуясы
  • К. А. Тимирязевдин (гранит, 1922—23, Москвада)
  • Степан Шаумяндын эстеликтери (гранит, 1931, Ере­ван)
  • В. И. Ленин (мрамор, 1939, Кремлдин Чоң дворецинин заседание залында) менен И. В. Сталиндин статуялары (гранит, 1939—40, Бүткүл союздук айыл-чарба көргөзмөсүндө — экөө тең Москвада) ж. б.

СССР мамлектеттик сыйлык лауреаты (1941, 1951). Ленин ордени, башка 2 орден жанa медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.