Мерседес-Бенц (стадион)
Көрүнүш
| Мурунку аталыштары | «Атланта» (2026 ДЧ) |
| Расмий аталышы | Mercedes-Benz Stadium |
| Жалпы маалымат | |
|---|---|
| Жайгашкан жери | Атланта, Жоржия, АКШ |
| Координаттары | 33°45′20″ с. ш. 84°24′00″ з. д.HGЯO |
| Башталган жылы | 19-май 2014 |
| Ачылган жылы | 26-август 2017 |
| Курулуш баасы | 1.6 млрд АКШ доллары |
| Архитектору | HOK Tvsdesign Goode Van Slyke Stanley Beaman & Sears |
| Ээси | Жоржия конгресс борбору |
| Үй командасы | «Атланта Фэлконс» (НФЛ), «Атланта Юнайтед» (МЛС) |
| Сыйымдуулугу | |
| Орундар саны | 71 000 |
| Техникалык маалымат | |
| Өлчөмдөрү | 115 × 75 ярд |
| Жабуусу | жасалма чөп |
«Мерседес-Бенц» стадиону (англ. Mercedes-Benz Stadium) — АКШнын Жоржия штатындагы Атланта шаарында жайгашкан ачылып-жабылуучу чатырлуу көп максаттуу стадион.
Стадион «Атланта Фэлконс» (НФЛ), «Атланта Юнайтед» (МЛС) командаларынын үй аренасы болуп саналат. AMB Group тарабынан башкарылат. Курулушунун баасы болжол менен 1,6 миллиард АКШ долларын түзгөн[1].
Стадиондо колледж футболунун маанилүү мелдештери, 2018 МЛС Кубогу жана 2019 Супер Боул LIII өткөн. Ошондой эле 2028 Супер Боул LXII өткөрүлөт.
«Мерседес-Бенц» стадиону 2026 Дүйнө чемпионатынын бир нече оюндарын да кабыл алат.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Officials: Mercedes-Benz Stadium cost rises to $1.6 billion (June 17, 2016). Текшерилген күнү 16 Апрель 2018.