Мазмунга өтүү

Мерсеризациялоо

Википедия — ачык энциклопедия

Мерсеризациялоо – целлюлозаны щелочтун конц. эритмелери менен иштетүүдөн түзүлүшү алкоголяттардыкындай болгон щелочтуу целлюлозанын пайда болуу процесси.

[C 6H7O2(OH)3]n + nNaOH®

Целлюлоза

® [C 6H7O2(OH)2ONa]n + nH2O

Щелочтуу целлюлоза

Алынган зат щелочтуу целлюлоза деп аталат да, суунун таасиринде кайра целлюлозага жана щелочко ажырайт.

[C 6H7O2(OH)2ONa]n + nH2O ® ® [C 6H7O2(OH)3]n + nNaOH 

М. булалар көөп, кездеменин өлчөмү кичирейет, бирок калың жана бекем болот. Пахтадан жасалган кездемелер жана жиптер М. жакшы боёо үчүн жана аларга кооз, жылмакай сырткы көрүнүш берүү үчүн колдонулат. О. эле алкалицеллюлоза техникада вискоза буласын жана целлюлозанын эфирлерин алууда аралык продукт катары чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]