Мессения согуштары
Мессения согуштары — Байыркы Грециядагы Мессения (Пелопоннестин түштүк-батышындагы обл.) менен Спартанын ортосундагы үч согуш.
- Биринчи согушта (б. з. ч. 8-кылымдын 2-жарымы) спарталыктар Мессениянын чыгыш жана түшүк бөлүгүн караткан.
- Экинчи согуш — Аристомендин жетекчилиги менен мессениялыктардын Спартага каршы көтөрүлүшү (б. з. ч. 7-кылымдын 2-жарымы). Анда спарталыктар бүткүл Мессенияны каратып, калкынын бир бөлүгүн укуксуз илотторго айландырган.
- Илоттордун чоң көтөрүлүшү (б. з. ч. 464—458) үчүнчү мессения согушу деп аталат. Көтөрүлгөндөр Мессениядан эркин чыгып кетүүгө укук алып, Навпакт шаарына (Борбордук Греция) барып отурукташкан
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.