Металлдарды пассивдештирүү

Википедия дан

Металлдарды пассивдештирүү - металлдын үстүңкү бетин пассивдүү абалга өткөрүү. Ал металл­дын үстүңкү бетин жука кабыкча менен каптоого негизделген.

Бул кабыкчалар металлдан, металл эмес заттардан же химиялык кошулмалардан болушу мүмкүн. Пассивдештирүүчү кычкылдандыргычтарга абанын кычкылтеги жана эритмедеги кычкылданткычтар кирет. Капталган кабыкча өзүнүн составы боюнча кычкылдуу, фосфаттуу же хроматтуу болушу да мүмкүн.

Конструкциялык бардык металлдар өзүнөн өзү пассивдешпесе, алар зыяндуу химиялык чөйрөдө гана эмес, нымдуу абада же тузсуз сууларда да абдан тез коррозияга учурайт. Ошондуктан металлдарды пассивдештирүү практикалык маа­ниси чоц.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.