Металл иштетүү жана тоо-кен иши

Википедия дан

Металл иштетүү жана тоо-кен иши - адамзат коомунда алгач уу жүргүзүлгөн. Металл иштетүү борборлору кен чыккан жерден алыстагандан тартып өз алдынча кесип болуп калды. Анын тоо-кен иштеринен бөлүнүшү металл буюмдарды соодалоонун өнүгүшүнө алып келген. Металлды таш куралдар менен жөнөкөй иштетүү алтындан, жезден, кээде күмүштүн жана сейрек болсо да кездешкен метеорит темиринен кызытпастан эле муздак бойдон зарыл болгон буюмдарды жасоого мүмкүнчүлүк берген. Болжол менен б.з.ч. 6500 ж. мурда, темир иштетүүнүн алгачкы этабында 2 миң жыл бою кооздук буюмдарды жана кайырмак, шибеге сыяк- туу майда куралдарды жасоо менен чектелген. Белгилүү болгондой, таза жез өтө жумшак келет, ошондуктан андан жасалган эмгек куралдары мурда адамдар колдонгон таш куралдарды алмаштыра алмак эмес. Металл иштетүүдө кийинки стадия болжол менен б.з.ч. 4500 ж. мурда Анатолия (азыркы Түркия Республикасынын аймактары) менен Иранда эритүү менен салыштырмалуу таза металлдардын - коргошун менен күмүштү, ошондой эле ургулап гана эмес куюу жолу менен да иштетүүгө мүмкүн болгон жездин табигый кошулмаларын алгандан башталат. Курамында мышьяк, сурьма, никель, күмүш, калай жана цинк бар минералдарды кошуу менен жездин бекемдигин арттырган кошулмаларды алгандан тартып коло доору башталат. Анын алгачкы мезгили мышьяк кошулган колону пайдалануу менен мүнөздөлөт. Ошол мезгилден тартып, б.з.ч. 1500 ж. калай кошулмасы табылганга чейин 3000 ж. өткөн. Калайдын пайда болушу, аны колдонуу жөнүндөгү маселе азырга чейин илимде так далилдене элек. Аталган алгачкы 3000 жылдык үчүн металл иштетүү жана эритүү очокторунун жайылышы, анын адамзат коомунун өнүгүүсүндөгү, этностук, социалдык, коомдук жана мамлекеттик факторлорго тийгизген таасири сыяктуу али толук чечиле элек көптөгөн маселелер мүнөздүү. Айрым изилдөөлөр тоо-кен казып алуу өнөр жайынын өнүгүү тарыхына таандык. Ал эми этнографиянын үлүшүнө алгачкы этностук топтордун кайсыл бири жаңы техниканы өркүндөткөн жана андан керектүү буюмдарды жасагандар кимге таандык экендиги аныктоо проблемасы туура келет. Мисалы, Шан династиясы доорундагы Кытайда коло идиштеринин бардык түрү ата-бабалардын арбагына сыйынууга арналган жана күндөлүк турмушта колдонулган эмес. Кытайда металл иштетүүнүн үстөмдүк кылган ыкмасы куюу болгон. Темир устачылыкка негизделген чоюу, оюп сүрөт салуудагы ингустация ыкмалары сейрек колдонулган. Металл иштетүүнүн дүркүрөп өнүгүүсү жана айрым мезгилде таң калаарлык тездик менен анын искусствого айланышы баалуу этнографиялык маалыматтарга ээ экендиги талашсыз. Чындыгында, 5 миң жылдан кѳп мезгилди камтыган металл буюмдардын эң байыркы түрү - балык кармоочу кайырмактар, жебенин учтары, мык, шибеге - адамзат тарыхындагы татаал тарыхый процессти чагылдырат. Бул учурда кол өнөрчүлүк техникасынын өнүгүшүнүн компоненти катары, ошол эле учурда рухий, диний, этностук түшүнүктөрдүн жана жаратылыш факторлору менен шартталган мүмкүнчүлүктөрдүн изи бар. Мышьяк колосунан буюмдарды куюп жасоо менен чектелген мезгилде металл иштетүүнүн 65-67 жакын түрдүү ыкмалары белгилүү болгон: жалпайтуу, чоюу, формага салуу, жылмартуу, жалтырак түскө алып келүү, оюу салуу, ийүү, кѳзѳѳ, согуу, бириктирүү, куюу жана башкалар. Бул негизги ыкмалар болгон, андан башка эмалдаштыруу, алтын жалатуу, инкрустация жана башка процесстерди да камтыган. Ошентип, жезге ыктаган уста менен зергердин кесиби экиге ажырайт, өндүрүштүн өзгөчөлүгү курал жасаган устанын кесибин чот жасаган устанын кесибинен болот. Б.з.ч. ІІІ-ІІ миң жылдыктын чегинде Кичи Азияда темирди өздөштүрүү башталат. 500 жылдан ашык мезгил темир өндүрүү иши жашыруун сакталган. Б.з.ч. 1200-жылдан тартып темирди чыныгы өздөштүрүү башталат. Темирди колдонуп, металл иштетүү технологиясы аны иштетүү ыкмаларынын татаалдыгы менен чектелип турган жана жаңы методдорду өздөштүрүүнү талап кылган: темирден куюп буюм жасоо мүмкүн эмес, чоюуга болбойт, оюп сүрөт салуу да татаал, ошол эле учурда аны чыңдоого, ширетүүгө, курчутууга болот. Анын кемчиликтери менен макул болууга туура келген: колону кайра эритип, жаңы буюм жасай берсе болот, ал эми темирди антүүгө болбойт; темирди кѳп жолу чыңап, курчута берсе болот, бирок башка металлдардан айырмаланып, темир жешилип түгөнөт. Алгачкы учурда техникалык ыкмалар менен методдордун бардык түрлөрүн өздөштүрүү темир устанын кадыр-баркын жогорулаткан. Баары- нан мурда чот, орок, балта сыяктуу эмгек куралдарына талап жогору болгон: өнүккөн айыл-чарбалуу райондордо устанын аброю барктуу болгон. Албетте, кесип менен шартталган квалификация ѳнѳргѳ, чеберчиликке, күч-кубаттуулукка билимдин жогору болушуна түрткөн. Кесип сактыкты, зиректикти, ошондой эле тактыкты жана чыдамкайлыкты талап кылган. Бул устанын коомдогу ээлеген кадыр-баркын ѳзгѳчѳ жогорулаткан жана бул кесип бардык жерде атадан балага же таякеден жээнге мураска өтүп турган. Темир устачылык магиялык жөндөмдүүлүккө байланышкандыгы- жараша түшүнүктөр этностук дифференциацияга ээ болгон. Устачылык сыйкырчылыкты талап кылган кесип деген ой-пикир калыптанган. Өз кезегинде уруулардын жол башчысы металл иштетүүнү өздөштүрүүсү зарыл болгон, ал эми бул өз кезегинде жрецтин функциясын аткарууга алып келген, анын үстүнө металл иштетүү жол башчынын дайыма иштеген жумушу болгон эмес, ал аны мезгил-мезгили менен, зарылдыгына жараша аткарган Сүннөткө отургузуу салты бар элдерде аны темир уста ишке ашырган, темир уста дарыгердин, шамандын да ролун аткара алган. Металл иштетүү таралган бардык аймактарда темир өндүрүү төмөнкүдөй дифференциацияга учураган: түстүү жана баалуу металлдар кооздук буюмдарды, кооз идиш-аяктарды жасоо үчүн колдонулган, темир эмгек куралдары жана курал-жарак жасала турган материал болуп калат. Грек тилинде металл иштетүү деген түшүнүк коло иштетүү деген сөз менен берилет, бүгүнкү грек тилинде темир уста «коло иштеткен киши» деп аталат. Б.з.ч. 500- ж. Грецияда «темир иштетүү» коомдун көңүл буруусуна татыган, устаканаларга эл дайыма келип турган, адабий чыгармаларда устаканадагы аңгемелешүүлөр чагылдырылган, устаканадагы эмгек процесси көркөм искусство чыгармасынын негизги объектиси болгон. Египетте б.з.ч. 650-ж. таандык темир устанын сүрөтү чегерилген эстелик табылган. Темир устанын отунун жарыгы жана анын табы жолугушуулардын жана баарлашуунун табигый орду болот. Ал жерде жумуш процессинин жүрүшүнө, аспаптар менен иштөөгө кызыгуу менен байкоо жүргүзүшкөн. Мындай көрүнүш этностук айырмачылыктарга карабастан бардык жерде бирдей таралган. Албетте, металл иштетүү чиркөө үчүн дароо эле бийликтегилердин кызыкчылыгында пайдалана турган көз каранды эмес каражат болуп калган. Байыркы Угаритте, Ханаанда, Фракияда, кийинчерээк Грецияда металл иштетүү менен 12 олимп кудайларынын ичинен жалгыз кол өнөрчү, кереметтүү чебер - Кошер-ва Хасис же Гефест байланыштырылган. Мамлекеттүүлүк жаңыдан пайда боло баштаганда металлдан жасалган айрым товарлар (чот, бычак, шакек) нарк эквивалентинин ролун аткарган, андан кийинчерээк монета жасоо иши жолго коюлган. Металл иштетүү өз уставы жана маданияты бар кесиптик бирикмелердин пайда болушуна түрткү берди. Б.з.ч. 800-ж. алгач Кытайда пайда болгон, жасаган буюмуна өз тамгасын коюу өз кадыр-баркын сезүүнүн көрүнүшү болгон. Кесибине сыймыктануунун күбөлөрүн байыркы маалыматтардан жана орто кылымдардагы буюмдардан да көрүүгө болот. Кесиптик адат-салттар жана анын негизинде пайда болгон так белгиленген насааттамалар кечки феодализмге мүнөздүү болгон металл буюмдарынын түрлөрүн чыгаруунун так адистешүүсүнө алып келген. Бул насааттамалар темирчи-кол өнөрчүлөрдүн корпорациялардын бири-биринен ажыратып турган, алардын кесиптик ишмердигинин чөйрөсүн тарыткан, бул чеберчиликтин жогорку деңгээлде өсүшүнө алып келсе да, усталардын жашоосунун негизине коркунуч келтирген, анткени буюмду жасоодо нормадан четтөөгө мүмкүнчүлүк берилген эмес. Корпорациялардын көп түрдүүлүгү, дайыма болбосо да, көпчүлүк учурда этнографиялык мүнөзгө ээ болгон: ар бир буюмдун түрүн жасаган усталар бири- биринен айырмалуу ыктарды табышкандыгы жасалган буюмдардан даана көрүнүп турган. Уйга тагылуучу коңгуроолорду жасаган усталар да өз корпорациясын түзүүгө тийиш болушкан. Өндүрүштүн көп тармактуу болушуна металл иштетүүнүн өркүндөшүнө пайда болгон жаңылыктар да түрткү болгон. Мисалы, ичи көңдөй куймалар, алтындын ордуна алтын жалатылган буюмдар, колонун ордуна темирден буюмдарды жасоо, металлды айнек, фарфор, соңку учурда пластина менен алмаштыруу жана башкалар. Бул материалдын азыраак чыгымдалышына, бир металлды башка металл менен алмаштырууга мүмкүнчүлүк берген. 20-к. орто чендеринен тартып индустриялык металл иштетүү этнографиялык изилдөөлөрдүн борборунда болуп калды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]