Мазмунга өтүү

Металл карбонилдери

Википедия — ачык энциклопедия

Металл карбонилдери металлдар менен көмүртек оксиди СО болгон химимялык  бирикмелери, жалпы формуласы (Ме) mСОn. Мисалы, никель карбонили Ni(СO)4 Монд тарабынан 1890–ж. ачылган. Азыркы мезгилде көптөгөн металл жана металл эместер карбонилдери белгилүү. Өтмө металлдар карбонилдери өтө туруктуулугу менен айырмаланат. Щелочтуу металлдар карбонилдери туруксуз келет абада күйөт, органикалык  эриткичтерде эрибейт. Металл галогениддерине жана сульфиддерине СО жогорку температурада жана басымда таасир этүүдөн, металл галогениддерине кургак СО Гриньяр реактивинин катышуусунда таасир этүүдөн алынат. М. к. таза металлды алуу, металлды каптоодо химимялык  процесстерде катализатор, антидетонатор катары колдонулат. М. к. уулуу.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]