Металл кескич аспап
Металл кескич аспап – тетик жасоо үчүн сом металлды кырып-жонуп, формасын жана өлчөмүн өзгөртүүчү өндүрүш куралы. Металл кескич аспап станоктук жана кол менен иштетилме болуп бөлүнөт. Металл кескич аспап кескичи, ченегичи бар жумушчу жана бекиткич бөлүктөрдөн турат. Металл кескич аспаптын кесүүчү бөлүгү материалга матырылып, кесет (таарынды). Ал бир же көп мизден, таарынды алып кетме сайчадан, таарындыны сындыргычтан жана бириктиргичтерден ж. б. бөлүктөрдөн турат. Ченемдегич бөлүк кесүүчү бөлүктү курчутканда аны толуктайт, иштетилип жатканда багыттайт. Бекитүүчү бөлүк металл кескич аспапты станокто белгилүү абалда бекитүүгө же аны кол менен кармап иштетүү үчүн керек. Технологиялык милдети боюнча станок менен иштетилүүчү металл кескич аспаптар төмөнкүдөй айырмаланат: кескич, фреза, чойгуч (протяжка), көзөнөк иштетүүчү аспап (бургу, зенкер ж. б.), тиш чыгаргыч аспап, сай чыгаргыч аспаптар (белгилегич щёлочь, плашка) жана абразивдүү аспаптар. Кол менен иштетилме металл кескич аспаптарга кескич, араа, өгөө ж. б. кирет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7