Мазмунга өтүү

Металл конструкциялары

Википедия — ачык энциклопедия

Металл конструкциялары – металлдан жасалып, курулушта колдонулуучу конструкциялар. Азыркы металл конструкциялары болот конструкциялары жана жеңил куйма (алюминий куймалары) конструкциялар болуп бөлүнөт. 20-кылымдын башына чейин курулушта чоюндан жасалган металл курулуш конструкциялары колдонулган. Азыр өнөр жайлык курулмалар, коомдук имараттар, көпүрөлөр ж. б. болот конструкциялары кеңири колдонулат. Жеңил куйма конструкциялардын бир катар артыкчылыгы (жеңилдиги, коррозияга туруктуулугу, кооздугу ж. б.) аны курулушта кеңири колдонууга мүмкүндүк түзөт. Элементтердин өз ара бириктирилиши боюнча металл конструкциялары ширетилме, бөрктөлмө жана бурамалуу бириктирилме болуп бөлүнөт. Машина курууда металл конструкцияларына формалуу металлдан даярдалган тетиктер кирет.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]