Металл куймалары

Википедия дан

Металл куймалары - эки же андан көп металлды, о. эле металлдар менен металл эмести бирге эритүүдөн алынган катуу жанa суюк система.

Металл куймалары адам баласына байыркы доордо эле белгилүү (болот, коло, латунь ж. б.) болуп, көп колдонулган. Куймаларды ил. из. иштери 19-кылымда баш- талган. Металл куймалары компоненттердин санына (эки, үч жанa көп компоненттүү), фазасына (бир фазалуу, көп фазалуу), негизги металлдарга (темир, алюминий, жез, цирконий ж. б.) мүнөздүү касиеттерине жараша ысыкка чыдамдуу, оңой эригич, бекем, катуу, коррозияга туруктуу, антифрикциялык, о. эле өзгөчө жылуулук, электрдик, магниттик касиеттерге ээ болгон куймалар ж. б. болуп бөлүнөт. Металл куймалары эритиндини кристаллдаштыруу, металл-карапалык жол менен бууланган затты конденсациялоо, электролиз ж. б. ыкма менен алынат.

Эритиндиден куйма алуу үчүн берилген зат эрүү температурасынан жогору ысытылып, кошунду менен аралаштырылат; суюк эритинди бул температурада бир тектүү болгонго чейин кармалып, анан муздатылат. Жог. темп-рада эрүүчү компоненттерден (W, Mo, Ng ж. б.) турган жанa кесүүдө, басым аркылуу ж. б. кыйындык менен иштетилүүчү заттардан куйма алуу үчүн металл-карапа­лык ыкма колдонулат. Радиотехникада колдонулуучу өтө жука плёнка түрүндөгү куйма металл буусун кон­денсациялоо жолу менен алынат.

Металл куймаларынын физ. касиеттерп структуралык сезгичтүү эмес жанa структуралык сезгичтүү болуп бөлүнөт. Биринчиси куйманын составына көз каранды. Экинчиси составынан башка да ал металлдардын кристаллиттеринин жанa бир тектүү кристаллдык абалдын өлчөмүнө, формасына жанa алардын өз ара жайгашуусуна, о. эле куймаларда болуучу түрдүү дефектилерге (ва­кансия, дислокация ж. б.) көз каранды. Металл куймаларынын сезгич эмес касиетине тыгыздык, серпилгич модулу, эрүү температурасы, нур чыгаруу жөндөмдүүлүгү ж. б. кирет.

Таза элементтерге Караганда Металл куймалары бардык касиеттерп жагынан жог. сапатта турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.