Металл органикалык бирикмелер

Википедия дан

Металл органикалык бирикмелер - молекуласында кандайдыр бир металлдын атому көмүртектин атому менен түздөн түз байланышкан орг. бирикмелер.

Булардын ичинен Li, Na, К, Be, Mg, Zn, Hg, Al, Ge, Sn, Pb ж. б. металлдардын бирикмелери жакшы изилденген. Бул бирикмелердин касиеттери металл менен көмүртектин ортосундагы байланыштын мүнөзүнө жараша болот. Жегич жана жегич жер металлдардын орг. бирик­мелери реакцияга өтө тез кирет. Суунун таасиринен ажырайт жана кычкылтекти абдан сезгич. Ошондуктан абадагы кычкылтектен, ным жана СОг ден сактоо үчүн эритме түрүндө гана пайдаланылат.

(CH3)2Zn, (СН3)3В, (СгН5)3А1 өңдүү Металл органикалык бирикмелер абада жалындап күйөт.Металл органикалык бирикмелер металлдарды галогеналкилдерге тааспр этүү, ме­таллдардын гидриддерин же туздарын кош байланышка кошуу ж. б. жолдор менен алынат. Металл органикалык бирикмелер хим. байланыш жөнүндөгү түшүнүктүн өсүшүндө чоң мааниге ээ болду. Алар орг. синтезде (айрьшча литий жана магний орг. бирикмелер) колдонулат.

Көпчүлүгү антисептик, дары-дармек, анти­детонатор (мис., тетроэтил-коргошун), полимерлер үчүн стабилизатор ката­ры керектелет


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.