Мазмунга өтүү

Металл эмес кендер

Википедия — ачык энциклопедия

Металл эмес кендер, кен таш эмес кендер – курамында металлдар кездешпеген тоо тектер же минералдык агрегаттар. Курулуш ишинде, өнөр жай тармактарында колдонулат. Көпчүлүгү табигый түрдө, калгандары механикалык, термдик, химиялык жол менен иштетилип пайдаланылат. өнөр жай тармактарында колдонуу өзгөчөлүктөрү боюнча төмөнкүдөй топторго бөлүнөт: 1) химиялык сырьёлор – минералдык жер семирткичтер, туздар (апатит, күкүрт, галит, силвинит, карналлит ж. б.); 2) металлургиялык сырьёлор – отко чыдамдуу заттар (чопо, доломит, магнезит, кварцит ж. б.), калып жасалуучу тоо тектер (чопо, кум), кен күкүмдөрүн бириктирип камдаштыруучу материалдар (бентонит чопосу), металл эритүүдө керектелүүчү заттар (аки таш, флюорит, доломит, кварцит); 3) курулуш материалдары – курулушта колдонулуучу тоо тектер (гранит, диорит, сиенит, доломит, аки таш, мрамор, кварцит, туф, кум, кумдук ж. б.), карапа, айнек жасалуучу материалдар (чопо, кум, талаа шпаты, каолин, волластонит ж. б.), бириктирип камдаштыруучу заттар (чопо, аки таш, мергель), минералдык боёктор (жошо, мумиё ж. б.), жылуулук жана үн өткөрбөөчү тектер (пелит, вермукулит);4) металл эмес кен таш сырьёлору – техникалык жол менен өндүрүлгөн кристаллдар (алмаз), ар кандай минералдар (пьезокварц, исланд шпаты, мусковит ж. б.), асыл жана кооз таштар (алмаз, изумруд, топаз, малахит ж. б.), абразивдүү материалдар (бүлөө, кайрак ж. б.).

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]