Мазмунга өтүү

Метаморфоген кендери

Википедия — ачык энциклопедия

Метаморфоген кендери – тоо тектердин метаморфизм процессинде жогорку температура менен күчтүү басымдын таасиринен келип чыккан минералдык заттардын чогундусу. Алар метаморфизмделген жана метаморфизм кендери болуп бөлүнөт. Метаморфизмделген кендер аймактык жана жергиликтүү (чектелген аянтта гана болуучу) метаморфизм процессинин мурдагы кендерге тийгизген таасиринен пайда болот. Мындай кендер деформацияланып, метаморфизмделген тектерге мүнөздүү касиеттерге ээ болот. Сланецтелген була сыяктуу текстуралар, гранопласт структуралары өнүгөт. Аморфтуу заттар кристаллдашат, борпоң минералдардын көлөмдөрү кичирейип, катуу минералдарга айланат. Метаморфизмделген кендердин басымдуу көпчүлүгү кембрийге чейин пайда болгон формацияларда кездешет. Метаморфизмкендери тоо тектер метаморфизм процессине учурап жатканда жаңыдан пайда болот. Аки таш мраморго, кумдуктар кварцитке, чополуу тектер сланецке өтүп кетет. Боксит наждакка айланат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]