Мазмунга өтүү

Метапневмовирус

Википедия долбоорунан

Метапневмовирус (илимий аталышы — MPVI) 2001-жылы респиратордук оору менен ооруган балдардын канын изилдөө учурунда аныкталган. Вируска өзгөчө 5 жашка чейинки наристелер жана улгайган адамдар көп чалдыгары айтылган. Вирус аба аркылуу жана кармаган буюмдар аркылуу жугары кабарланган[1].

Метапневмовирус алгач 2001-жылы Нидерландияда катталган.

Белгилүү болгондой, бул топко аденовирус, риновирус, бокавирус, паротит, норовирус, сезондук коронавирус жана COVID-19 сыяктуу түрдүү вирустук инфекциялар кирет. Метапневмовирус да ушул топко кирет жана башка курч респиратордук вирустук инфекциялардан анча айырмаланбайт.

Метапневмовирус бул курч респиратордук вирустук оорулардын тобуна кирген вирустук инфекция.  Анын белгилери — адамдын мурдунан суу агып, дене табы көтөрүлүп, вирустук инфекциялар сыяктуу эле тамак, сөөктөр ооруп, сасык тумоодогудай эле белгилер болот. Өткүр курч вирустук оорулардын тобунда бир нече вирустук инфекция болсо, алардын арасында метапневмовирус да бар. Мисалы, аденовирус, респиратордук-синцитиалдык вирус, респиратордук риновирус, анын арасында нотавирус, метапневмовирус да жылда катталат. Убагында дарыланбаса, өткүр курч вирустук оорулар сыяктуу эле жөтөл күчөп, бейтап бронхитболуп калышы мүмкүн[2].

Вирустан сактануу жолдору

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Беткап тагынып, антисептиктерди колдонуп, улам кол жууп тазалоо Ошондой алдын алуу жумуштарын биз үзгүлтүксүз, такай колдонушубуз керек. Анткени вирустук оорулар аба аркылуу жугат. Эшиктен үйгө кирер менен кол жууп туруу зарыл. Кимде-ким ооруп калса, ага өзүнчө бөлмө даярдап, идиш-аягын бөлүп, сүлгүсүн даярдап берүү зарыл. Ал жаткан бөлмөдө утур-утур нымдуу сүлгү менен эмеректерди сүртүп, терезени ачып, таза аба киргизип туруу да зарыл. Дени сак жүрүшүбүз үчүн таза абада сейилдеп, жашылча-жемиши көп азыктардан жеп, иммунитетти чыңдап турганыбыз жакшы. Кайсы кишинин иммунитети жакшы болсо, вирустук ооруну батыраак жеңип кетет.

  1. https://dnkom.ru
  2. https://postnews.ru