Метемпсихоза

Википедия дан
Метемписихоза искусствода

Метемписихоза – жандын көчүп жайгашуусун белгилөөчү кийинки грек терминдеринин бири. Алгачкы жолу сицилиялык Диадордо, андан кийин Галенде, афродиялык Александрда жолугат, өзгөчө неоплатондук салттар үчүн мүнөздүү. Башка адамдардын (жаңы төрөлгөн баланын), жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана минералдардын же жогорулоо тартибинде – демондордун, кудайлардын денесине өлгөндөрдүн жанынын кайра жайгашуусу жөнүндө диний-мифологиялык окуу. Эски жана Жаңы дүйнөнүн көптөгөн көз карандысыз фольклордук салттары үчүн ырасталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8