Мазмунга өтүү

Метеордук радио байланыш

Википедия дан

Метеордук радио байланыш – метеор бөлүкчөлөрүнүн иондошкон издеринин чагылуусуна негизделген радио байланыштын түрү. Метеордук радио байланышына маалыматтарды (мисалы, телеграф кабарларын) экилик код менен берүү жана контролдук сигнал берүү менен ар жердеги түзүлүштөрдүн көрсөткөндөрүнүн тууралыгын текшерүүдө колдонулат. Иондошкон метеор издери 0,1–1,5 секга созулат, ошондуктан башка байланыш системаларына караганда Метеордук радио байланышта маалыматтарды берүүнүн жана кабыл алуунун өзгөчө методдорун колдонуу талап кылынат. Метеор издери пайда болгон учурда маалыматтар өтө тез ылдамдыктагы үлүштөр (кыска мөөнөттүү сеанстар) түрүндө берилет. Үлүштөр түрүндө кабыл алынган маалыматтар жыйылгандан кийин каттоочу аппаратка кадыресе (стандарттык) ылдамдыкта берилет.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]