Метеоритика

Википедия дан

Метеоритика - метеор заттарынын абалын, метеориттер Жерге түшкөндөгү кубулуштарды изилдөөчү илим тармагы.

  • Метеоритиканын негизги милдети — метеор телолорунун планета аралык жанa Жер атм-расындагы кыймылын, атм-ранын өз ара аракеттерин жанa Жерге түшкөн метеориттердин абалын изилдөө.
  • Метеоритика метеориттердин хим. жанa минералдык түзүлүшүн, физ. касиеттерин жанa алардын түзүлүшүндөгү закондуу байланыштарды үйрөнүүнү да камтыйт.
  • Метеоритикада өз методикасынан тышкары астр-я, физ., хим., минералогия, геофизика, геоде­зия ж. б. илимдердин теориялык жана практикалык ыкмалары пайдаланылат.
  • Метеоритика илими 18-кылымдын аягында пайда болгон. Э. Хладни 1749-ж. Сибирде табылган метеоритти изилдеп, ал метеорит космос телосу экенин биринчи жолу далилдеген.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.