Метеорологиялык радиолокация
Көрүнүш
Метеорологиялык радиолокация радиолокатордун жардамы менен булут, жаан-чачын, температура жана аба нымдуулугунун жогорку градиенттүү аймактарын, чагылган разряддарынын топтолушун аныктайт. Метеорологиялык кубулуштардын аймагын байкоодо индикатору бар тегерек экрандуу метеорологиялык радиолокация колдонулат. Изилденип жаткан мейкиндиктеги чагылышкан радиотолкундар бир нече секунд экранда жаркырап көрүнөт. Аба ырайынын зыяндуу кубулуштарын 100 кмден ашык аралыктан билдирүүдө метеорологиялык радиолокациянын мааниси зор. Мындан тышкары метеорологиялык радиолокация авиацияда, айыл чарбада кеңири колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7