Механизмдер кинематикасы

Википедия дан

Механизмдер кинематикасы - машина жана механизмдер теория­сынын бир бөлүмү; ал механизм бөлүктөрүнүн кыймылынын геом. жагын гана талдап изилдейт.

Механизмдер кинематикасын изилдөө ар кандай механизм бпрп бирине кыймыл дуу бириктирилген звенолордон туруп, алар жетелегпч деп аталган бир же бир нече звено менен кыймылга келе тургандыгына негизделген. Мында кыймыл бир же бир нече звенонун кыймылы менен аныкталгандыктан жетелегич деп аталат. Механизмдер кинематикасы кинематикалык анализ жанa кинематикалык синтез маселелерин чечет (Механизмдер синтези).

Кинематикалык анализдин негизги маселелери: звенолордун ордун, ме­ханизмдин айрым чекиттеринин траекториясын, звенолордун бурчту кылдамдыктары менен ылдамданууларын, механизмдин айрым чекиттеринин сызыктуу ылдамдыктары менен ылдамданууларын аныктоо. Бул маселелердин ар бирин чечүү үчүн механизм­дин кинематикалык касиеттери менен жетелегич звенолорунун кыймыл закондорун аныктай турган туруктуу геом. параметрлер берилүүгө тийиш. Механизмдердин кинематикалык син­тез маселелеринде кинематикалык анализге тескери болгон маселелер каралат. Мында пзделүүчү чоңдук— кинематикалык шартта берилген маалыматтар боюнча аныктала турган ме­ханизмдин туруктуу параметрлери.

Механизмдердин синтез маселелери кинематикалык анализ маселелеринен өтө татаалдыгы менен айырмаланат


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.