Механизмдер синтези

Википедия дан

Механизмдер синтези ― маши­на жана механизмдер теориясынын бир бөлүмү; анда кинематикалык жана динамикалык касиеттери белгилүү болгон механизмдердин кинематика­лык схемасын долбоорлоо методу ка­ралат.

Кинематикалык касиеттери боюнча Механизмдер синтези ыкмасы толугураак иштелип чыккан. Алсак, муштумчалуу механизмдердин кинематикалык син­тези өтө жөнөкөй, жетеленме звенодо ар кандай кыймыл мыйзамы аткарылат, ал эми рычагдуу механизмдер синтези татаал, кыймыл мыйзамы так аткарылбайт. Шарнирдуу механизмдерди синтездоо ыкмасы П. Л. Чебышевдин функциянын жакындатып эсептөө теориясына негизделген.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.