Механикалаштырылган аскер

Википедия дан

Механикалаштырылган аскер - танкалуу, артиллериялуу, мотоаткычтуу ж. б. бөлүктөрдөн түзүлгөн аскер.

Механикалаштырылган аскер түшүнүгү 1930-жылдын башында ар түрдүү армияларда пайда болуп, СССРде 1929-ж. Жумушчу-гыйкап Кызыл Армиясын механикалаштыруу жанa моторлоштуруу башкармасы түзүлгөн. Механикалаштырылган аскер көп сандаган танк, ар түрдүү замбирек, мино­мёт, автомашина ж. б. менен куралдандырылат. Улуу Ата Мек. согушта 194145) брон-танкалуу жанa мехагикалаштырылган аскер кургактагы аскердин негизги сокку уруучу күчү болду.

Танкалуу бирикмелердей эле механикалаштырылган бирикмелер да душмандып коргонуусун талкалоо, аны курчоого алып жок кылуу, о. эле куугунтуктоо ж. б. үчүн пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.