Механикалык байланыш
Механикалык байланыш – механикалык системанын жайланышына жана кыймылына коюлуучу чектөөлөр.
Механикалык байланыш кандайдыр бир нерселердин жардамы менен ишке ашат. М. б-тын мисалдары: нерсе сыйгалануучу же тоголонуучу (тегеренүүчү) бет, жүк илинген жип, механизм бөлүмдөрүнө өз ара кыймыл берүүчү шарнирлер, шарик подшипниктери ж. б. Геометриялык жана интегралдануучу кинематикалык байланыштар жалпысынан голономдук Механикалык байланыш деп аталат (к. Голономдук система). Кинематикалык интегралданбоочу Механикалык байланыш голономсуз деп аталат (к. Голономсуз система). Убакыттын өтүшү менен өзгөрбөөчү Механикалык байланыш туруктуу (теңдемелери убакытты камтыбайт), ал эми убакыттын өтүшү менен өзгөрүүчү Механикалык байланыш туруксуз деп аталат. Системадагы чекиттердин ар бир которулуусуна карама-каршы багыттагы тийиштүү которулуулар туура келсе, мындай байланыштар кармап туруучу, ал эми бул талапты канааттандырбаган байланыштар (мис., өзүнүн узундугу боюнча бир багытта гана которулууну камсыз кылган ийилме жип) кармап турбоочу деп аталат. Системанын каалагандай которулуусунда элементардык жумуштардын суммасы нөлгө барабар байланыштар идеалдуу байланыштар деп аталат (мис., сүрүлүүсүз бет же ийилме жип). Идеалдуу Механикалык байланыш коюлган система үчүн которулуу принцибин Д′Аламбер–Лагранж принцибине же Лагранж теңдемелерине пайдаланып, байланыш реакциялары катышпаган теңсалмактуулуктун же кыймылдын теңдемелери алынат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0