Мазмунга өтүү

Мехтиев Рамиз Энвер оглы

Википедия — ачык энциклопедия
Мехтиев Рамиз Энвер оглы
азерб. Ramiz Mehdiyev
Туулган датасы:

17 -апрель 1938(1938-04-17) (88 жаш)

Туулган жери:

СССР, Азербайжан ССР, Баку шаары

Жарандыгы:

 ССРС
 Азербайжан

Билими:

Азербайжан мамлекеттик деңиз академиясы
Баку мамлекеттик университетинин тарых факультети
Москва мамлекеттик университетинин философия факультети

Илимий даражасы:

философия илимдеринин доктору

Партиясы:

Жаңы Азербайжан

Ишмердүүлүгү:

саясат, илим

Келинчеги:

Мехтиева Галина

Балдары:

Мехтиев Теймур
Алиева Камиля

Мехтиев Рамиз Энвер оглы (азерб. Ramiz Mehdiyev) — азербайжан саясий ишмерb, Азербайжан Республикасынын Президентинин администрациясынын жетекчиси (1995–2019)[1], Азербайжандын философиясы жана коомдук-саясий илимдер ассоциациясынын президенти, Азербайжандын улуттук илимдер академиясынын мүчөсү[2], Азербайжандын улуттук илимдер академиясынын президенти (2019–2022)[3], Орусиянын илимдер академиясынын чет элдик мүчөсү (2022).

Рамиз Мехтиев 1938-жылдын 17-апрелинде Баку шаарында туулган[2].

1957-жылы Баку деңизчилик окуу жайын бүтүргөндөн кийин ал «Каспнефтефлот» башкармалыгында (ВПО «Каспморнефтегазпром») иштеген.

1961-жылы Азербайжан мамлекеттик университетинин тарых факультетине окууга кирген. 1965-жылы V курс студенти болуп жүргөндө Азербайжан ЛКСМ БКсынын студенттик бөлүмүнө инструктор болуп дайындалган. 1967–1968-жылдары Нахичевань обкомунун комсомол комитетинин экинчи катчысы болуп иштеген.

1968-жылы Москва мамлекеттик университетинин философия факультетинин аспирантурасына кирген. 1972-жылы философия илимдеринин кандидаты илимий даражасын алып, «Владимир Ленин улутчулдук менен оппортунизмдин өз ара байланышы тууралуу» деген темада диссертациясын жактаган.

1972-жылдан тартып Азербайжан мамлекеттик университетинде окутуучу, кийин улук окутуучу болуп иштеген. 1974-жылы Азербайжан Компартиясынын Борбордук Комитетинин пропаганда жана агитация бөлүмүнө лектор болуп өткөн. 1976-жылы илим жана окуу жайлар бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп дайындалган.

1978-жылы Бакудагы 26 Баку комиссарлары атындагы райондук комитеттин биринчи катчысы болуп шайланган. 1980-жылы илим жана окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы, ал эми 1981-жылы уюштуруу-партиялык иштер бөлүмүнүн башчысы болгон.

1982-жылы Азербайжан Компартиясынын Борбордук Комитетинин катчысы болуп шайланган. 1988-жылы республикалык жетекчилик алмашкан соң бул кызматтан бошотулган.

1988-жылы Азербайжан Илимдер академиясынын коомдук-саясий изилдөөлөр жана маалымат институтунда бөлүм башчысы болуп дайындалган. 1993-жылы «Улуттар аралык мамилелер: теориялык жана саясий маселелер» темасында докторлук диссертациясын жактаган.

1994-жылы Азербайжандын президенти Гейдар Алиев тарабынан Президент аппаратынын бөлүм башчысы болуп дайындалган. 1995-жылы болсо Азербайжан Республикасынын Президенттик администрациясынын жетекчиси болуп дайындалган.

1980–1990-жылдары Азербайжандын Жогорку Советине эки чакырылышта депутат болгон. 1995-жылы Азербайжан Республикасынын Милли Межилисинин депутаты болуп шайланган.

2001-жылы Нью-Йорк илимдер академиясынын мүчөсү, ал эми 2007-жылы Азербайжан Улуттук илимдер академиясынын академиги болуп шайланган.

2019-жылдын октябрында Азербайжандын президенти Ильхам Алиев аны Президенттик администрация жетекчиси кызматынан бошоткон[4]. Ошол эле айда ал «Гейдар Алиев» ордени менен сыйланган[5].

2019-жылдын 23-октябрынан 2022-жылдын 14-февралына чейин Азербайжан Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп иштеген[6][7].

2025-жылдын октябрында Баку шаарынын Сабаиль райондук сотунун чечими менен Рамиз Мехтиевге каршы кылмыш иши козголуп, ал 4 айлык мөөнөткө үй камагына алынган. Ага мамлекеттик бийликти басып алууга аракет кылуу, мамлекеттик чыккынчылык жана кылмыштуу жол менен алынган мүлктү мыйзамдаштыруу беренелери боюнча айып тагылган[8].

Илимий ишмердүүлүгү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Улуттук жана коомдук-саясий мамилелер, ошондой эле учурдагы Азербайжан мамлекетинин жана коомунун өнүгүшү маселелери боюнча 26 китептин жана 250дөн ашык илимий макалалардын автору. Алардын ичинен жети китеп жана 81 макала чет өлкөлөрдө жарыяланган.

Тандалган чыгармалары:

  • «XX кылымдын аягындагы этностор аралык мамилелер» (Баку, 1995)[9];
  • «Азербайжандыктардын геноцидинин чындыгы» (Баку, 2000)[10];
  • «Азербайжандын өнүгүү диалектикасы» (Баку, 2000);
  • «Азербайжан: тарыхый мурас жана көз карандысыздыктын философиясы» (Баку, 2001);
  • «Философия» (Баку, 2003);
  • «Азербайжан: Глобалдашуунун кыйынчылыктары» (Баку, 2004);
  • «Azerbaycan: küreselleşmenin talepleri» (Стамбул, 2005)[11];
  • «2005-жылдагы парламенттик шайлоолор: алдын ала талдоо» (Баку, 2006)[12];
  • «Жарандык коомго жол ачкан идеялар» (Баку, 2006,);
  • «Улуттук идея, мамлекеттүүлүк жана көз карандысыздык жолунда» (Баку, 2006);
  • «Демократияга карай: Мурас жөнүндө ой жүгүртүү» (Баку, 2007)[13];
  • «Өнүгүү стратегиясын аныктоо: модернизациялоого карай багыт» (Баку, 2008)[14];
  • «Азербайжан 2003–2008: Доорго ой жүгүртүү» (Баку 2009)[15].
  • Гейдар Алиев ордени (2019-жылдын 23-октябры) – Азербайжан Республикасында мамлекеттик башкаруу жаатында жана илимди өнүктүрүүдө сиңирген жемиштүү жана көп жылдык атайын эмгеги үчүн[16].
  • Азербайжан Республикасында мамлекеттик кызматтагы жемиштүү эмгеги жана мамлекет куруудагы өзгөчө эмгеги үчүн "Көз карандысыздык" ордени (2008-жылдын 17-апрели)[17].
  • Ардак ордени (2013-жылдын 17-апрели) — Азербайжан Республикасында мамлекет куруудагы көрүнүктүү жетишкендиктери жана мамлекеттик кызматтагы жемиштүү иши үчүн.[18].
  • Даңк ордени (2018-жылдын 16-апрели) — Азербайжан Республикасында мамлекеттүүлүктү чыңдоодогу жемиштүү иши жана илимдин өнүгүшүнө кошкон олуттуу салымы үчүн[19].
  • Ардак ордени (2018, Орусия)[20].
  • Достук ордени (2008-жылдын 14-майы, Орусия) — Орусия Федерациясы менен Азербайжан Республикасынын элдеринин ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн[21].
  • Эмгек Кызыл Туусунун эки ордени..
  • Польшанын Коопсуздук кеңешинин Эстелик медалы (2011, Польша)[22].

Үй-бүлөлүү, бир кыз жана бир уулу бар.

  1. Report. Ramiz Mehdiyev Prezident Administrasiyasının rəhbəri vəzifəsindən azad edilib
  2. 1 2 Azərbaycan Milli Elmlər Akademiyası. Mehdiyev Ramiz Ənvər oğlu
  3. Report. Ramiz Mehdiyev AMEA-nın prezidenti seçilib - FOTO - YENİLƏNİB-3
  4. Report. Рамиз Мехтиев освобожден от должности руководителя Администрации президента Азербайджана
  5. Report. Рамиз Мехтиев награжден орденом "Гейдар Алиев"
  6. Report. Рамиз Мехтиев избран президентом НАНА
  7. Day. Рамиз Мехтиев подал в отставку
  8. OXY. Рамиз Мехтиев привлечён к уголовной ответственности: по каким статьям его обвиняют?
  9. Межнациональные отношения на исходе XX века.
  10. Реалии геноцида азербайджанцев.
  11. Ramiz Mehdiyev’in “Azerbaycan: küreselleşmenin talepleri” ismli kitabı Farsça yayımlandı.
  12. Парламентские выборы 2005: предварительный анализ.
  13. В Баку состоялась презентация книги «На пути к демократии: размышляя о наследии».
  14. Рамиз Мехтиев: Определяя стратегию будущего: курс на модернизацию. Текшерилген күнү 21 Апрель 2026. Түп булактан архивделген күнү 28 -февраль (бирдин айы) 2014.
  15. Azərbaycan - 2003-2008 : zaman haqqında düşünərkən.
  16. Распоряжение Президента Азербайджанской Республики o награждении Р. Э. Мехтиева орденом «Гейдар Алиев».
  17. РАСПОРЯЖЕНИЕ ПРЕЗИДЕНТА АЗЕРБАЙДЖАНСКОЙ РЕСПУБЛИКИ О НАГРАЖДЕНИИ Р.Э. МЕХТИЕВА ОРДЕНОМ «ИСТИГЛАЛ»
  18. Распоряжение Президента Азербайджанской Республики о награждении орденом «Шараф» Р. Э. Мехтиева
  19. Распоряжение Президента Азербайджанской Республики о награждении Р. Э. Мехтиева орденом «Шохрат».
  20. Николай Патрушев вручил Рамизу Мехтиеву Орден Почёта
  21. Указ Президента Российской Федерации от 14 мая 2008 года № 779 «О награждении орденом Дружбы Мехтиева Р. Э.».
  22. В Екатеринбурге проводится международная встреча высокопоставленных лиц, ответственных за вопросы безопасности. Руководитель Администрации Президента Азербайджанской Республики, секретарь Совета Безопасности Рамиз Мехтиев выступил на мероприятии, провёл ряд встреч

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]