Изат Микеева

Википедия дан
Микеева, Изат‎»‎ барагынан багытталды)

Микеева Изат (1910-1995). Ал 1910-жылы Нарындагы Орто-Саз айылында туулган. Чоң атасы атактуу Атабек баатыр, таятасы кыргызга таанымал Тилекмат акенин уулу көлдүк Чыныбай бий болгон. Он үч жашынан таенеси айтылуу Телегей байбиченин тарбиясын алган. Изат эне акылман, ниети таза, келбеттүү аялзаты эле. Жаштайынан эмгекчил, түйшүкчүл болуп өстү. Оюу ойгонду, курак кураганды, кийимди келиштире тиккенди билген уз эле. Ата-Мекендик согуш жылдарынын алдында Нарын шаарындагы жетим балдар үйүн уюштурууга катышып, аларга энелик мээрим төгүп, кам көргөн. Кийин тигүү фабрикасында тигүүчү, устат, бригадир болуп иштеп жүрдү. Ак эмгеги менен медаль, сыйлыктарга ээ болуп, "Коммунисттик эмгектин ударниги" наамын алган. Согуш жылдарында цехтин башчысы болуп иштеген. Кийин эстеп калаар эле: "От жагылбаган цехте күнү-түнү кийим тигип фронтко жөнөтчү элек. Ысык-суукка карабай иштеп жүрүп, буту-колум оорулуу болуп калды. Эмгегибиз текке кетпей согушта биздикилер жеңишке ээ болушту". Өмүрлүк жары Чынгыш уулу Алсейит экөө тогуз балалуу болушуп, азыр алардын төртөө бар. "Энебиз аябай сөзмөр, мээримдүү, акылдуу эле. Макал-ылакап, уламыштарды, жомокторду көп билчү". "Жакшы жаманды айырмалай билгиле, тууганды, достукту барктагыла, ынтымактуу болуп, ыймандуу өскүлө, билим алгыла",- деген сөздөрүнүн тарбиялык мааниси зор эле" - дешет балдары. Изат апа арабча жазып, окуганды билчү. Балдарынын баары жогорку билимдүү адистер. Уулдары Абдыралы КТУнун профессору, "Арпа" пивозаводунун директорлор кеңешинин төрагасы, Абдылдабек - инженер куруучу, Нарын жана Ысык-Көл областтарынын капиталдык курулуш башкармасынын начальниги болгон. Учурда акционердик коомдун директору, Турсунбек Бишкек эт комбинатында мастер, цехтин башчысы, азыр мамлекеттик каттоо тармагында иштеп, азыр жеке ишкер. Кызы Жумабүбү комсомолдун облусттук комитетинде, эл агартуу тармагында эмгектенип азыр ардактуу эс алууда.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Инсандар таржымалы. Бишкек 2007-ж.