Микеланджело

Википедия дан

Микеланджело Буонарроти, Микеланьоло ди Лодовико ди Лионардо ди Буонаррото Симони (1475, Капрезе шаары, азыркы Капрезе-Микеланджело, Тоскана – 1564, Рим) – италян скульптору, сүрөтчү, архитектор жана акын. М-нун чыгармалары Жогорку Кайра жаралуу доорунун адамы, анын сулуулугун, акыл-эстүүлүгүн даңаза кылган идеалдарына каныгып, ошондой эле Соңку Кайра жаралуу доорунун искусствосуна мүнөздүү дүйнөнү гуманисттик кабылдоодогу трагизм, пессимисттик маанай чоң көркөмдүк күч менен чагылдырылган. Чыгармачылык ишине Жотто, Донателло, Мазаччо, Якопо делла Кверча жана башка сүрөтчүлөрдүн зор таасири тийген. Жаш кезиндеги чыгармаларында эле М-нун жалпы чыгармачылыгына мүнөздүү касиеттер: монументтүүлүк менен пластикалуулук, адам турпатынын сулуулугуна тымызын суктануу жана образдагы драматизм ачык байкалат. М. Римде “Христти жоктоо” (1498–1501, Римдеги ыйык Пётр собору) аттуу статуяны түзүп, толукшуган жаш келиндин аза күткөн көп маанилүү образын түзүү менен салттуу готикага жаңы гуманисттик мазмун берген. 1501-ж. М. Флоренцияга кайра келген да, Медичинин зомбулугуна нааразылык көрсөтүп, Давиддин эң зор статуясын (1501–04, СА гал., Флоренция) жараткан. 1505-ж. Папа Юлий II М-ну Римге кайра чакырып алган. Бул жерде М. “Моисей” (1515–16) аттуу статуяны чеккен. Моисей – укмуштуудай зор эрк жана темпераментке эгедер алп каарман; скульптордун негизги шедеврлеринин бири. Ал образга М. чеберчилиги гүлдөп турган маалындагы көптөгөн философиялык көз караштарын, ойлорун батыра алган. М-нун эң ири чыгармасы – Ватикандагы Сикст капелласынын чамгарагындагы сүрөттөр (1508–12). Бул сүрөттөрдүн сюжеттери Библиядан алынып, татаал идеялык-философиялык чиелениште көрсөтүлгөн. Ар бир пайгамбардын сүрөтү, периштелер композициясы боюнча ыраатту иштелген. 1520-жылдары М-нун дүйнө кабылдоосу трагедиялуу мүнөз алып, натыйжада Сан-Лоренцо чиркөөсүндөгү (Флоренция, 1520–34) статуялар жаралат. Алардын ичинен Лоренцо менен Жулианонун терең ойго баткан турпаттары кандайдыр азаптуу кырдаалда көрсөтүлүп, М-нун ошо кезде чеккен кайгы-касиретин, пессимизмге баткан ой-толгоолорун туюндурган. Медичи капелласын кооздогон да М. Кийинчерээк скульптура менен живопистен бара-бара четтеп, көбүнчө үй куруучулук иши менен поэзияга көп кайрылган. Римдеги “Тозок оту” фрескасы жана башка чыгармалары кийинчерээк барокко стилинин өнүгүшүнө шарт түзгөн. М-нун архитектордук даанышмандыгы (1523–34) Римдеги Капитолий, ыйык Пётр собору жана башка архитектуралык өлбөс-өчпөс шедеврлеринен көрүнөт. Өмүрүнүн соңку жылдарында М. поэзияга көбүрөөк кайрылып (негизинен сонет жана мадригал жазган), адамдын улуулугун жана сулуулугун ырга салган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]