Микеланжело

Википедия дан
Микеланжело Буонарроти‎»‎ барагынан багытталды)
Michelangelo Buonarroti

Микеланжело Буонарроти (Michelangelo Buonaroti) (6. 3. 1475, Тоскана, Капрезе шаары, азыркы Капрезе-Микеланжело – 18. 2. 1564, Рим, сөөгү Флоренцияга коюлган) – италян скульптору, сүрөтчү, архитектор жана акын. Микеланжелонун чыгармачылыгында Жогорку Кайра жаралуунун адамды сүйүүгө, баатырдык пафосуна сугарылган идеалдары, ошондой эле Соңку Кайра жаралуу доорундагы искусствого мүнөздүү дүйнөнү гуманисттик кабылдоодогу трагизм, пессимисттик маанай чоң көркөмдүк күч менен чагылдырылган. Монументтүүлүк менен пластикалуулук, адам турпатынын сулуулугуна суктануу жана образдагы драматизм Микеланжелонун алгачкы чыгармачылыгына мүнөздүү касиеттер экени ачык байкалат. Микеланжело Римде «Христти жоктоо» (1498–1501, Римдеги ыйык Пётр собору) аттуу статуяны түзүп, жаш келиндин аза күткөн образы аркылуу салттуу готикага жаңы гуманисттик мазмун берген. 1501-жылы Микеланжело Флоренцияга келип, Давиддин эң зор статуясын (1501–04; Академия галереясы, Флоренция) жараткан. 1505-жылы папа Юлий II Микеланжелону Римге кайра чакырып алган. Бул жерде скульптордун негизги шедеврлеринин бири болгон «Моисей» (1515–16) аттуу статуяны чеккен. Микеланжелонун эң ири чыгармасы – Ватикандагы Сикстин капелласынын чамгарагындагы сүрөттөр (1508–12). Бул сүрөттөрдүн сюжеттери Библиядан алынган. Ар бир пайгамбардын сүрөтү, периштелер композициясы боюнча ырааттуу иштелген. Кийин Микеланжелонун дүйнө кабылдоосу трагедиялуу мүнөз алып, Флоренциядагы Сан-Лоренцо чиркөөсүнүн Жаңы сакрист ансамбли (1520– 34), Сикстин капелласынын алтардык дубалындагы «Тозок оту» фрескасы (1536–41), «Христти жоктоонун» (1550-жыл чен – 1555) кийинки варианты ж. б. жаралат. «Тозок оту» фрескасы ж. б. чыгармалары кийинчерээк барокко стилинин өнүгүшүнө шарт түзгөн. Микеланжелонун архитектордук даанышмандыгы (1523–34) Римдеги Капитолий, ыйык Пётр собору ж. б. архитектуранын өлбөс-өчпөс шедеврлеринен көрүнөт. Микеланжело кийинчерээк скульптура менен живопистен четтеп, көбүнчө үй куруучулук иши менен поэзияга көп кайрылган. Микеланжелонун поэзиясы оюнун тереңдиги жана бийик трагедиялуулугу менен айырмаланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]