Микоздор

Википедия дан
Pulmonary aspergillosis.

Микоздор (грекче mekēs – козу карын) – жаныбар жана адамдын мите козу карындар пайда кылуучу жугуштуу оорулары. Адамда микроздор 2 топко (сырткы жана терең) бөлүнөт. Сырткы микроздор тери, тырмакты жабыркатат (дерматомикоздор). Көбүрөөк кездешүүчү микрозго кандидоз, эпидермофития, трихофития ж. б. кирет. Организмге козу карын менен булганган аба менен дем алганда, тамак-аш, тери жана былжыр чел аркылуу жугат. Микроздун пайда болушунда иммун жетишсиздик, начар тамактануу, өнөкөт оорулар, антибиотикти, гормон дарыларын узакка кабыл алуу ж. б. чоң роль ойнойт. Микроздун белгилери оорунун түрүнө жана жайгашкан жерине жараша ар түрдүү болот. Малда дерматомикоздор (парша, трихофития, микроспория) бодо малда, чакалай жылкы, ит, мышык, чочко, териси баалуу айбандарда, аспергиллёз куш жана бал аарыларда, кандидамикоз кушта, актиномикоз бодо малда, сапролегниоздор жана бранхиомикоз балыкта кездешет. Козгогуч жараат аркылуу, аэрогендик (аба аркылуу) жана алиментардык (ооз аркылуу) жолдор менен кирип, малдын ички органдарын дартка чалдыктырат. Мында иммунитет пайда болбойт, ылаң кайталана берет. Микроздор дайыма өнөкөт түрдө өтөт. Эпизоотологиялык маалыматтардын, клиникалык белгилердин жана патанат. өзгөрүүлөрдүн жана лабор. изилдөөнүн негизинде диагноз коюлат. Микроздорду дарылоо үчүн негизинен антибиотиктер (гризеофульвин, нистатин ж. б.), комплекстүү препараттар (миковет) жана фунгициддер (көк таш, сулема ж. б.) колдонулат. Алдын алууда короо-сарайдын ичи-тышын ветеринардык, санитардык талапка ылайык таза кармоо, убагында дезинфекциялоо, малды сапаттуу тоют менен камсыз кылуу маанилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]