Милиция органдары

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Милиция органдары - Милиция Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жетекчилик кылган ички иштер органдарынын курамына кирет. Милиция-нын атайын бөлүмдөрү бар, мисалы, кылмыш издөө, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү, тергөө, коомдук тартипти сактоо, мамлекеттик автомобиль инспекциясы (МАИ) жана башка. Милициянын райондук, шаардык бөлүмдөрүнүн алдында жашы жетпегендердин иштери боюнча инспекциялар иштейт, алар жаш балдардын кылмышка барбоосу үчүн тарбиялык иштерди жүргүзүшөт. Милиция кызматкерлеринин милдеттери көп. Алар-дын башкы милдеттери — коомдук тартипти сактоо, мыйзамдын ар кандай бузулушуна жол бербөө, анын талаптарын так аткаруу. Ар бир адам бирөөдөн запкы көрсө же мүлкүн уурдатса милиция органдарына кайрылышат. Алар кайрылуу боюнча токтоосуз иш жүргүзүшүп, эгер кыл-мышты жасаган адам белгилүү болсо тийиштүүлүгүнө жараша чара көрүүгө же адам белгилүү болбосо издөө салууга милдеттүү. Милиция кызматкерлери тартип бузуучуга карата талаптарды так, катуу, кыска жана ачык коюшу керек, анткени бул мыйзамдуулуктун бекем шарты, кыянат-тыкка жана ээн баштыкка карата ишенимдүү тоскоолдук болот.

Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • ISBN 5-7499-0134-3 Эсенканов К., Идинов А. Мамлекет жана укук негиздери. Бишкек, "Шам", 1999. 39-40 бб.