Артур Миллер

Википедия дан
Миллер Артур‎»‎ барагынан багытталды)

Миллер Артур (17. 10. 1915, Нью-Йорк – 10. 2005, Конектикут штаты, Роксбери) – америкалык. драматург. «Коммивояжёрдун өлүмү» (1949) трагедиясында «кичине адамдын» үмүт, ишеним жана моралдык норма катары туткан «ийгилигинин» кыйрашын чагылдырат. «Катаал сыноо» (1953) аттуу элдик тарыхый хрониканын автору. Экзистенциалисттик маанайдагы интеллектуалдык драмасында («Бул Вишиде болгон», 1965) дүйнөдөгү терс көрүнүштөр үчүн ар бир адамдын жоопкерчилиги көрсөтүлөт. «Дүйнөнүн жаралышы жана башка иштер» (1972) аттуу комедиясында адамдын күнөөлүүлүгү жана анын адеп-ахлакты тутууга кылгaн аракетинин ортосундагы ирониялык коллизия берилген. «Америкалык хронограф» (1980) ж. б. пьесалары бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]