Миниатюра

Википедия дан

Миниатюра (французча. miniature – киноварь дегенден) – көлөмү чакан, өтө чебер иштелген сүрөт өнөр чыгармасы. Көркөм сүрөт искусттвосунда текстти иллюстрациялоо жана кооздоо максатында кол менен жазылган китеп баракчаларындагы түстүү же бир түстөгү сүрөт. «Миниатюра» термини айрым адабий жана музыкалык чыгармаларда колдонулганы менен живопись жана графикада (айрыкча портрет) өзгөчө мүнөзгө ээ. Миниатюра негизинен китептерде автордун аты-жөнүн, китептин наамын ж. б. кооздоо үчүн колдонулган. Китептик миниатюра байыртадан эле белгилүү, мисалы, Байыркы Египеттеги «Шейиттер китебинде», Гомердин «Илиадасында» (500-жыл чен, Амброзиан китепканасы, Милан). Байыркы Руста 14-кылымдын аягына чейин аны пергаментте, көбүнчө жумуртка боёктору менен тартып келишкен. 18-кылымда портреттик миниатюра кеңири тараган. Россияда миниатюра негизинен диний китептерди кооздоодо колдонулган (Остромир инжили, 1056–57, Санкт-Петербургдагы М. Е. Салтыков-Шедрин атындагы калк китепканасы). Миниатюра тартуу Украинада («Пересопницкий инжили», 1556–61), Арменияда («Эчмиадзин инжили», 989), Грузияда («Мцхет псалтыры», 10-кылым) да кеңири таралган. Миниатюраны ар түрдүү материалдарды (май, эмаль, гуашь, акварель) колдонуу менен жыгачта, металлда, пил сөөгүндө, пергаментте, кагазда лупа аркылуу пунктир же майда штрих техникасы менен аткарышкан. Миниатюра искусствосунан портреттик миниатюраны айырмалай билүү керек. Портреттик миниатюра – тамеки кутучаларынын, кол сааттардын, оймоктордун, медальондордун бетине түшүрүлгөн чакан форматтагы (1,5тен 20 смге чейин) живопистик портреттин түрү. Портреттик миниатюра 19-кылымдын орто ченинде дагеротип менен фотографиянын таралышына байланыштуу жок болуп кеткен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]