Министрликтер
Министрликтер – мамлекеттик башкаруунун борбордук органдары. Министрликтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун жана буйруктарынын негизинде жана аларды аткаруу иретинде иш алпарат. Министрликтерге – министрлер башчылык кылат жана министрликтерге жүктөлгөн иш-милдеттердин аткарылышы үчүн жекече жоопкерчилик тартат. Кыргыз Республикасынын министрликтери өз компетенциясынын чегинде нормативдик актыларды чыгарууга жана алардын аткарылышын текшерүүгө укуктуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы – толугу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан аныкталып бекитилет. Кыргыз Республикасынын министрлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана анын Президиумунун отурумунда каралуучу маселелерден, ошондой эле белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын башка министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана мамлекеттик башкаруунун башка органдары менен макулдашууну талап кылган маселелерден тышкары өздөрүнө тапшырылган иш чөйрөсүнө тиешелүү мамлекеттик башкаруу маселелери боюнча өз алдынча чечим кабыл алат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7