Мазмунга өтүү

Минковский мейкиндик мезгили

Википедия — ачык энциклопедия

Минковский мейкиндик мезгили – үч өлчөмдүү физикалык мейкиндикти жана убакытты бириктирген төрт өлчөмдүү мейкиндик, 1907−08- жылдары Г.Минковский киргизген.

Минковский мейкиндик мезгилиндеги чекиттер салыштырмалуулуктун атайын теориясындагы (С. А. Т) “окуяларга” туура келет. Окуялардын орду Минковский мейкиндик мезгилинде үч мейкиндик жана бир мезгилдик координаталар аркылуу берилет. Адатта х1=х, x2=y, x3=z координаталары колдонулат, мында x, y, z − кандайдыр эсептөөнүн инерциялык системасындагы (Э. и. с.) окуянын тик бурчтуу декарт координаталары жана x0=ct, мында t − окуянын мезгили. Минковский мейкиндик мезгилинин геометриялык касиеттери эки окуя ортосундагы аралыктын (интервалдын) квадраты s2=(Δx0)2−Δx2−Δy2−Δz2 туюнтмасы менен аныкталат, мында Δx, Δy, Δz − окуялардын координаталарынын айырмасы. Ушундай s2 туу мейкиндик псевдоэвклиддик деп аталат. Бир Э. и. с-нан экинчисине өткөндө мейкиндик координаталары жана убакыт бирдиги аркылуу, бири Лоренц өзгөртүүсүнүн жардамы менен өзгөрөт. Минковский мейкиндик мезгилин киргизүү Лоренц өзгөртүүсүн бул мейкиндикте төрт өлчөмдүү координата системасына бурулуусунда окуянын координаталарын өзгөртүү катары кароого мүмкүндүк берет. Мындай бурулууда s2 чоңдугу өзгөрбөйт. Минковский мейкиндик мезгилинин геометриясы С.А.Т-нын кинематикалык эффектисин (бир Э. и. с-нан экинчиге өтүүдө узундуктун жана ылдамдыктын өзгөрүшү ж. у. с.) ачып көрсөтөт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]