Мирабилит

Википедия дан

Мирабилит (латынча mirabilis – таң каларлык) – глаубер тузу (немец химиги И. Р. Глаубердин атынан) – сульфаттар классына кирүүчү минерал. Химиялык формуласы Na2[SO4]H2O. Катуулугу 1,5–2,0. Салыштырма салмагы 2,66. Сууда жакшы эрийт. Даамы ачуу, туздуу. Кургакчылыкта суусу бууланып кетип, ак упадай күкүмгө айланат (тенардит – Na2SO4). Туздуу көлдөрдө, ысык булактарда хемогендик жол менен пайда болот. Сода, жегич натрий өндүрүлөт. Айнек жасоодо, боёк даярдоодо, медицинада колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]