Миррлиз Джеймс
Миррлиз Джеймс (Британия), УИЛЬЯМ Викри (АКШ) - (толук эмес маалыматтын шартында финансылык чечимдердин теориясын иштеп чыккандыктары үчүн Нобель сыйлыгына татыган) 1996-ж. Уильям Викри 1914-ж. Канадада төрөлгөн.
Өмүрүнүн көпчүлүгүн Колумбия университетинде иштеген. Ал 1940-жылдары капитал менен натыйжалуулукту тең салмактуулукка келтирүү максатында таза кирешеден салыкты кандай алуу мүмкүнчүлүгүнүн моделин иштеп чыккан. 25 жылдан кийин бул моделдин математикалык түзүлүшүнө Миррлиз кайрылган. Миррлиз Джеймс 1936-ж. Шотландияда төрөлгөн.
Кембридж университетинде профессор болуп иштейт. Ал маалыматтын жетишсиз (же карама-каршы) шартында чечим кабыл алуунун жалгыз шартын (жалгыз кесилишүүсүн) тапкан. Ал жеке менчиктин жеке кызыкчылыгына финансылык чечимдин туура жооп бериши же карама-каршы болбошу. Мындай принципте, оптималдуу келишимдерди, контракт же макулдашууларды ж.б. кызыктыруучу проблемаларды иштеп чыгуу көп эсе жөнөкөйлөштүрүлөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9