Миртемир

Википедия дан

Миртемир [толук аты-жөнү – Миртемир Умарбекович Турсунов; 28. 5(10. 6). 1910, азыркы Казакстан, Чымкент областы, Түркстан району, Икан кыштагы – 24. 1. 1978, Ташкент] – өзбек акыны, котормочу. Өзбек ССРинин эл акыны (1971). 1932-жылы Самарканд педагогикалык академиясын бүткөн. Чыгармалары 1926-жылдан жарыялана баштаган. «Нурлар койнунда» (1928), «Жеңиш» (1931), «Борбор» (1936) ыр жыйнактарында ошол мезгилдеги социалисттик курулуштун жүрүшүн баяндайт.«Өч» (1944), «Тандалган ырлар» (1947), «Ырлар»(1961), «Жаңы ырлар» (1967) китептеринде граждандуулук, достук идеялары берилет. Миртемир чет элдик жана орус классиктеринин чыгармаларын, ошондой эле «Манас» эпосун (1-китеп, 1964; 2-китеп, 1973) өзбек тилине которгон. Айрым чыгармалары кыргыз тилине да которулган («Гүлтааж». Ырлар жана поэмалар. 1973; которгон Т. Байзаков).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]