Аткарылгыс миссия: Арбак протоколу

Википедия дан
Миссия: Аткарылгыс - Арбак протоколу‎»‎ барагынан багытталды)
Аткарылгыс миссия: Арбак протоколу
Режиссеру Брэд Бөрд
Продюсер
Жазуучу
Оператору Роберт Элсвит
Негизинде Миссия: Аткарылгыс
автору: Брүс Геллер
Тартылгандар
Музыкасы Майкл Жаккино
Редактору Пол Хирш
Жайылтуучу Paramount Pictures
Чыккан жылы
Узактыгы 133 мүн.[1]
Өлкөсү  АКШ
Тили Англис
Бюджети $145 млн[2]
Киреше $694.7 млн

"Аткарылгыс миссия: Арбак протоколу" (англ. Mission: Impossible – Ghost Protocol, орус. Миссия невыполнима: Протокол Фантом)- 2011-жылы Брэд Бөрд тарткан, Жош Аппелбаум жана Андре Немец жазган америкалык жоруктуу уруш тасмасы. Бул тасма "Миссия: Аткарылгыс" сериясынын 4-чыгарылышы. Тасма Брэд Бөрддүн алгачкы жандуу уруш тасмасы. Тасмага тартылгандар: кайра эле Аткарылгыс Миссия Күчтөрүнүн (АМК) агенти Итан Хантты ойногон Том Круз жана ошондой эле Жереми Реннер, Саймон Пегг, Пола Паттон. Тасманын продюсерлери Круз, Ж.Ж. Абрамс (3-чыгарылыштын режиссеру) жана Брайан Бөрк. 1-чыгарылыштан редактор Пол Хирш жана визуалдык таасир жетекчиси Жон Нолл бул тасманы жаратууда да өз салымдарын кошушкан жана сериянын ичинен кээ бир жерлерде IMAX камерасын колдонгон алгачкы чыгарылыш болуп эсептелет. Тасманы Түндүк Америкада 2011-жылы 16-декабрда "Paramount Pictures" жарыкка чыгарган жана ийгиликтүү сатылуу менен киносынчылардын алкышына татыган. "Арбак протоколу" сериянын ичинен жана Круз катышкан эң көп кирешелүү тасма деп табылган.

Тасманын музыкасын Майкл Жаккино жазган. 3-чыгарылыштын музыкасын да ушул композитор жазган жана Бөрд менен "Ынанылгыстар" жана "Рататуй" тасмаларында да биргелешип иштешкен. Башка чыгарылыштардагыдай эле тасманын музыкасы телесериалдагы Лало Шифриндин тематикасынан таасирленген. Жаккино "Лало укмуш жаз композитору. Ал чыгарган чыгармалардай эч ким чыгара албайт, бирок андан таасир алса болот" деп стилистикалык таасирди баса белгилеп кеткен. Саундтрек альбомду Варес Сарабанд 2012-жылы 10-январда чыгарган.

Сюжет[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. MISSION: IMPOSSIBLE - GHOST PROTOCOL (12A). British Board of Film Classification (December 7, 2011). Текшерилген күнү 2 -август (баш оона) 2015.
  2. Mission:Impossible – Ghost Protocol Box Office Data. Box Office Mojo. Текшерилген күнү 15 -март (жалган куран) 2012.