Мистраль Габриэла

Википедия дан

Мистраль Габриэла (өз аты-жөнү – Лусила Годой Алькаяга; 4. 7. 1889, Кокоимбо областы, Викунья – 10. 1. 1957, Нью-Йорк) – чилилик акын, коомдук ишмер, дипломат, агартуучу, 16 жашынан мугалим болуп иштеген. Чыгармачылыгы 1904жылдан башталган. 1914-жылы жарыкка чыккан «Өлүм сонеттери» жыйнагы ага атак-даңк алып келген. Лирикаларында испан поэзиясынын салттары менен индей мифологиясынын анимисттик образдуулугу айкалышта берилет: «Үмүтүн үзүү» (1922), «Талаа» (1938), «Жүзүм сыкчу жер» (1954). Мистралдын лирикалары П. Неруданын чыгармачылыгынын калыптанышына чоң таасир тийгизген. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1945). Чыгармалары: Избранное. М., 1999.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]