Митио Каку
| Бул макала азыркы учурда Баяман1771 (баарлашуу) тарабынан активдүү түзөтүлүүдө. Сураныч, бул эскертме барактан алынып салынмайынча бул баракка өзгөртүүлөр киргизбей туруңуз. Болбосо, түзөтүүлөр кагылышуусу келип чыгышы мүмкүн. Бул барак акыркы жолу 08:43, 12-май 2026 (UTC) (5 күнs мурун) да түзөтүлгөн. |
| англ. Michio Kaku жап. 角道夫 | |
| | |
| Туулган жылы: |
24 -январь 1947 (79 жаш) |
|---|---|
| Туулган жери: |
АКШ, Калифорния, Сан-Хосе |
| Өлкө: | |
| Илимий чөйрөсү: |
физика, астрономия |
| Иштеген жери: |
Принстон университети , Нью-Йорк шаардык колледжи . Ellwood P. Cubberley High School |
| Илимий даражасы: |
PhD |
| Альма-матер: |
Гарвард университети Берклидеги Калифорния университети |
| Илимий жетекчиси: |
Стэнли Мандельстам |
| Белгилүү болгондугу: |
теориялык физик, илимий жазуучусу, футуролог, университеттин лектору, публицист, радио алып баруучусу, физик, телешоулардын катышуучусу, китептердин автору |
| Белгилүү болгондугу: |
теориялык физик, илимий жазуучусу, футуролог, университеттин лектору, публицист, радио алып баруучусу, физик, телешоулардын катышуучусу, китептердин автору |
| Сайты: | |
Митио Каку (англ. Michio Kaku, жап. 角道夫; 1947-жылдын 24-январы, АКШ, Калифорния, СанХосе) - жапон тектүү америкалык теориялык физика боюнча адис, илимди жигердүү жайылтуучу жана илимий-популярдуу китептердин автору.
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Митио Каку жапон иммигранттарынын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Анын атасы Калифорнияда төрөлүп, билимин Япониядан алган, бирок англис тилин жакшы билген эмес. Ата-энеси Экинчи дүйнөлүк согуш маалында жапондор үчүн ачылган Туле-Лейк лагерлеринин биринде таанышкан.
Митио Каку Кибберли мектебинде окуган. Мектепте окуп жүргөн кезинде ал «булут камерасын» жана энергиясы 2,3 миллион электрон-вольт болгон бөлүкчө ылдамдаткычын өзү куруп, долбоорун Альбукеркедеги Улуттук илимий жарманкеде көрсөткөн. Бул эмгеги физик Эдвард Теллердин көңүлүн бурган. Теллер ага Герц стипендиясын алууга жана Гарвард университетине өтүүгө жардам берген.
1968-жылы Гарвард университетин бакалавр даражасы менен аяктаган. Андан кийин Берклидеги Радиациялык лабораторияга тапшырып, 1972-жылы докторлук даражасын алган. 1973-жылы Принстон университетине чакырылган.
Вьетнам согушу маалында аскер кызматына чакырылып, Жоржия штатында жөө аскерлер үчүн аскердик даярдыктан өткөн. 1980-жылдардан бери Нью-Йорк шаардык колледжинин профессору болуп эмгектенип келет.
Ал Discovery каналындагы «Аалам кантип иштейт?» (How the Universe Works) жана «Илимий фантастика» аттуу телеберүүлөргө катышкан. Анын «Акыл-эстин келечеги» (The Future of the Mind), «Гиперкеңдик» (Hyperspace) жана «Параллелдүү дүйнөлөр» (Parallel Worlds) аттуу китептери окурмандар арасында кеңири белгилүү.
Негизги илимий жетишкендиктери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Митио Какунун негизги илимий жетишкендиктеринин бири - сап талаа теориясын (String Field Theory) өнүктүрүүгө кошкон салымы. 1974-жылы ал профессор Кейдзи Киккава менен биргеликте сап теориясын (String Theory) талаа теориясынын (field theory) формасында баяндаган.
Митио Каку Эйнштейн баштаган бирдиктүү теорияны (unified theory) издөөгө өзгөчө кызыгып келген. Анын эмгектери жалпы салыштырмалуулук теориясын(General Theory of Relativity) жана кванттык механиканы (Quantum Mechanics) бириктирүү маселеси менен тыгыз байланыштуу. Ошондой эле ал ушул изденүү тууралуу «Кудайдын теңдемеси» (The God Equation) аттуу илимий-популярдуу китеп жазган.
Булактар.
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1-официалдуу сайты-https://mkaku.org/
2-китептери-https://nonfiction.ru/authors/mitio-kaku