Мазмунга өтүү

Мифологиялык жанр –

Википедия — ачык энциклопедия

Мифологиялык жанр – көркөм искусство тарыхында – көркөм сүрөт искусствосунун жанрдык бир түрү жана ал өз сюжеттерин мифологиядан, башкача айтканда кудайлар менен баатырлар тууралуу байыркы диний-фантастикалык уламыштардан алган. Даана диний көркөм искусстводон айырмаланып М. ж. эрежелештирилген (канондоштурулган) сыйынуучулук формалар менен байланышпаган легендарлуу сюжеттерди, граждандык көркөм искусствонун бир тармагы катары салыштырмалуу эркин түшүндүргөн. Кайра жаралуу доорунда гуманисттик мазмунга каныккан М. ж. көркөм искусстводогу орто кылымдык диний догмалардан дүйнөнү материалисттик көркөм кабыл алууга чоң бурулуш жасаган, ошондуктан өз учурунун тарыхый шарттарында прогрессивдүү болгон; XVII кылымдын улуу реалист-сүрөтчүлөрү (Рембрандт) мифологиялык образдарга көп учурда каймана түрүндө кайрылышкан; аларды заманбап турмуштук мазмун менен толтурушкан. Көркөм академияларда негизги жанр катары орун алуу менен бирге М. ж. турмуш менен түздөн-түз байланышкан тематикага көркөм искусствонун жакындоосун артка тарткан. XIX кылымда М. ж. маанисиз, шарттуу мүнөзгө ээ болуу менен начарлай баштаган. XIX кылымдын орто ченинде орус реалист-сүрөт­чүлөрү жаңы заманбап тематика үчүн күрөшүү менен М. ж-га бойкот жарыялашкан жана ачык түрдө академия тарабынан берилген мифологиялык сюжеттерге программа жазуудан баш тартышкан.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]